Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнге өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп, коомчулуктун бүйүрүн кызытып койду. Учурда кеңири талкууга алынып жатат. Төрагынын оюнча азыркы гимндин текстин кайрадан карап чыгып, элибизди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөртүүлөрдү киргизип, беш жаштан токсон жашка чейинки жарандардын бардыгы ырдай тургандай саптарды камтуу керек.
Гимнди өзгөртүү демилгеси буга чейин да көтөрүлүп, оңдоп-түзөө киргизилип, текстинен бир куплети алынган. Анда “Досторуна даяр дилин берүүгө” жана “Бейкуттукту берет кыргыз жерине” деген саптар туура эмес экендиги белгиленген. Бирок, толугу менен алмашылган эмес. Негизи, азыркы гимнге ичи чыкпагандар көп. Жогорудагы саптар алынса дагы сындар айтылып, азыркы гимн жасалма, сөздөрү да, обону да оор. Ошон үчүн көбү кошулуп ырдай албай кыйналышат дегендер бар. Ошондой эле кайырмасы үчүнчү тарап катары айтылып, “Алгалай бер, кыргыз эл, азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, өз тагдырың колуңда” деген кош көңүлдүүлүк турат” деп сындап келе жатышат. Айтылган пикирлерге кошулбай коюуга болбойт, чындыгы бар десек жаңылышпайбыз. Негизи, гимн – мекениң үчүн эмгегиңди, күчүңдү, керек болсо, өмүрүңдү берүүгө шыктандырган, ары сыймыктанткан, эң башкысы жүрөктөн чыккан ыр болушу керек. Баарына жатык тилде жазылышы шарт. Мындайча айтканда, мамлекеттик гимн бардыгы ырдап, аткара алгыдай, жалпыга бирдей ыргакта болушу керек. Жогорку Кеңештин төрагасы айткандай, 90 жашка чейинки өлкөбүздүн жарандары кайсы учур, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей болушу шарт. Аны аткаруу да, эстеп калуу да оңой болушу шарт. Мазмунунда өлкөнүн баалуулуктарын, тарыхын, маданий мурастарын чагылдырышы керек. Музыкасында кыргыздын мүнөзү, улуттун кайрыктары болушу керек.
Маселен, кошуна казактардыкын эле карасак, өтө мыкты. Элдин баары кошулуп алып берилип ырдашат. Казакстандын гимнинин кайырмасында:: “Менің елім, менің елім, гүлің болып егілемін. Жырың болып төгілемін, елім! Туған жерім менің – Қазақстаным!” дешет. Эмне деген саптар! Биз ушундай жазсак болбойбу? Же мындай жазыш колубуздан келбейби?
Коомчулуктагы гимн боюнча талкууга Президент Садыр Жапаров дагы ой-пикирин айтып, жаңылап койсок жаман болбостугун билдирди.
“Өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун? Албетте, азыркы гимнибиз дагы унутта калбайт. Биринчи гимнибиз катары архивде тарых болуп кала берет. Тууну оңдоп коёлу дегенде да айрым демогог, популисттер каршы чыгышты эле. Азыркы туубуз жаман болдубу? Мурдагы туудан бир тепкич өйдө болду. Мурдагы туубуздагы Күндүн белгиси же күнкарама эмес, же «пилораманын» арасы эмес түшүнүксүз эле белги болчу. Азыркы тууну көргөн адам дароо эле Күндүн нуру экенин түшүнөт. Жаркырап турат.
Эми гимнди эртең эле өзгөртө коёлу деген маселе жок. Гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салыш керек. Көпчүлүк эл колдогон гимнди кабыл алсак жаман болбойт. Гимнди окуучулардан баштап аксакал ата-апаларыбызга чейин ырдап турса кандай сонун. Керек болсо той-концерттерде ырдалып турса эмнеси жаман. Гимндин мазмуну мамлекетибизди даңазалоо, жарандарыбызды мекенчилдикке, биримдикке, ынтымакка чакыруу, мамлекетибизди түбөлүккө сактап калалы деген ураандар болуш керек. Өмүр бою эле азаттыкка чыктык деп жүрө беребизби?” – деди Президент.
Чындыгын айтышыбыз керек, азыркы гимнибиз 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылган. Мындайча айтканда, Совет доорундагы ыргак, стил камтылган. Мына биз азат болдук, Эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деген саптар менен коштолуп, кубаныч жана толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү. Биз мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө бербей, өзгөрүүгө кадам шилтесек болот. Өзгөрбөгөн, жаңыланбаган нерсе жок. Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет, андан трагедия жасабайлы.
Зулпукаар Сапанов