. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мыкты долбоорлорго 250 миң сомдон 1 млн 500 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.
«Гимндин мыкты долбоору үчүн байгелүү орундар аныкталат. 1-орунга 1 млн 500 миң сом, 2-орунга 1 млн сом, 3-орунга 500 миң сом каралган. Атайын байгелер боюнча 2 байгелүү орунду ведомстволор аралык комиссия аныктайт. Анда 4-орунга 250 миң сом 5-орунга 250 миң сом берилет», — деди ал.
Ошондой эле Тимурлан Ажымалиев белгилегендей, сынак аяктагандан кийин ведомстволор аралык комиссия тарабынан Жогорку Кеңешке гимндин 3 мыкты долбоору жиберилет.