"Эркин-Тоо"

Гладиаторлор шаарындагы Кубира фонтаны 200 жылдан кийин кайра иштей баштады

Түркиянын Батыш Анадолу аймагындагы археологиялык эстеликтери менен белгилүү Бурдурдан жагымдуу жаңылык. Гладиаторлор шаарындагы Күбира фонтаны 2000 жылдан кийин кайра иштей баштады. Учурда бул жерден фонтан суулары менен кошо таза, ичүүчү суу да агып турат Кибирадагы монументалдык фонтан 2016-жылы археологиялык казуулардын жыйынтыгында табылып, ошол эле жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Бул байыркы фонтан Маданият жана туризм министрлиги менен Бурдур губернаторлугунун колдоосу менен реставрациядан өткөрүлдү.

Күбира 2000 жылдык керемет фонтан Рим империясынын тушунда тургузулган. Эки бассейнден турган бул фонтан байыркы Күбира шаарынын үчүнчү террасасында жайгашкан. Биздин замандын 23-жылдарында чоң жер титирөөдөн кийин фонтан кайра курулуп, 700 жылдан бери иштеп келгендиги тарыхый булактарда айтылат. Бийиктиги 7,5 метр жана диаметри 15 метр болгон эбегейсиз чоң фонтан колонналар менен бекемделген. Чатыры болсо конус түрүндө жабылган. Күбирадагы бул ири фонтандын түзүлүшү байыркы шаардын сууга болгон муктаждыгын кантип канааттандыргандыгын көрсөтүп турат. Ошондой эле архитектуралык жана визуалдуулук эстетиканын сонун үлгүсү десек да болот.

Гладиаторлор шаары болгон байыркы Күбира

Гөлхисар районунун батыш капталында жайгашкан Күбира салыштырмалуу өтө кенен жерди ээлеп турат. Рим цивилизациясынын эң маанилүү шаарларынын бири болгон Күбира табылган архитектуралык калдыктардын бардыгы Рим империясынын дооруна таандык. Байыркы калаанын дагы бир өзгөчөлөгү курулуштар симметрик формада салынган. Имараттар бири-бирине эч бир тоскоолдук жаратпай, тескересинче толуктап турат. Күбирага кире бериште чоң стадион бар. Биз кинолордон көргөн эпикалык гладиаторлордун мелдештери да ушул стадиондо өткөрүлүп турган. Ошондуктан Күбирага «Гладиаторлор шаары» титулу берилген. Күбирадагы бул стадионго 10 миңдей киши батат.

Күбирадагы дагы башка көрүнүктүү курулуштар бул аймактагы агоралар. Агоралар – бул соода-сатык боло турган көчөлөрдүн жээгине курулган одеон жана колонналуу борборлор болуп саналат. Айрыкча байыркы шаардын Рим мончосу жана антиквардык театры көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Байыркы булактарга караганда, Күбирадагы өнөр жайларга дыйканчылык, мал чарбачылык, медицина, темир жана керамикалык өнөр кирген. Шаар космополиттик түзүлүшкө ээ болуп, төрт башка тилге сүйлөгөн. Күбиранын экономикасы жана аскери да күчтүү болгон.

Байыркы фонтан иштеген дагы бир калаа

Археологиялык комитетинин башчысы, доцент Шүкрү Өзүдогру археологдор, реставраторлор жана архитекторлордон турган эксперттик топ менен бирге кеңири реставрация процессине катышты. Эки бассейни жана 192 архитектуралык блоктору бар монументалдык фонтанды казуу жана реставрациялоо учурунда фонтан үч негизги бирдиктен турганы аныкталды. Изилдөөлөргө караганда, фонтандын ортосунда тегерек мунара көтөрүлүп, аны курчап турган алты колонна бар. Ошол эле учурда суу чыккан жерге арстандардын жана пантералардын алты скульптурасы коюлган. Бул айкелдердин экөөсү гана казуулар учурунда табылган. Бүгүнкү күндө эки оригиналдуу скульптура Бурдур музейинде көргөзмөдө турат.

Бурдурда байыркы доордон калган эки монументалдуу фонтан бар. Алгачкылардан болуп Бурдурдун Агласун району, Сагалассос калаасынан 1800 жылдык тарыхы бар Антонин фонтаны табылган. Реставрациядан кийин, Күбира байыркы фонтан иштеп жаткан экинчи жер болуп калды.

Археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана куткаруу иштери кызуу жүрүп жаткан Түркияда акыркы жылдарда көптөгөн тарыхый экспонаттар табылып, музейлерге алынып келинди. 2022-жылы археологиялык казуулардын саны боюнча дүйнө жүзү боюнча алдыңкы орунда турган Түркияда 713 археологиялык ишчарада болжол менен 10 500 экспонат табылган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!