"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Голландия фейерверкке тыюу салат

Голландиянын Сенаты өлкөдө фейерверк сатууга жана атууга тыюу салууну колдоду. Бул чара 2027-жылдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Мыйзам муну менен дарыгерлердин, активисттердин фейерверктерге тыюу салуу боюнча бир жылдык кампаниясы аяктады. Буга чейин 19 шаарда фейерверкке тыюу салынганы менен, көпчүлүк ага көңүл бурбай келген.

Ipsos жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, калктын 57%ы бул чечимди колдой турганын билдирген.