– Тилек мырза, ишкерликтин башы Россиядан башталганбы?
– Ооба, бала кезимден эле ишкерликке абдан кызыкчумун. 25ке чыкканда үйлөнүп, келинчегим экөөбүз Россияга кетип калдык. Екатеринбург шаарында эмгектенип жүрдүк. Кыргызстандан ар түрдүү кийим-кечелерди, айрыкча аялдардын сырткы кийимдерин алып барып, “Таганский ряд” соода комплексинде сатып соода кылдык. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп бала-чакалуу болуп, үй-жай күттүк. 5 жылдан кийин өз мекенибизге кайтып келдик. Жөн келбей соода-сатык жагынан көзүбүз ачылып, модель, дизайн, элдин суроо-талаптары эмнеге күч, эмне жакшы өтөт деген сыяктуу соодага байланышкан бардык нерселердин аки-чүкүсүнө чейин изилдеп, тажрыйба топтоп келдик.
Кыргызстанга келгенден кийин аны кылсак кандай болот, муну кылсак кандай болот деп түмөн ойлорго чөмүлүп, акырында өзүбүз билген, үйрөнүп калган ишибизди эле кылалы дегенге токтодук. Бир чети иштешип жүргөн туруктуу кардарларыбыз да бар эле. Көп созбой моделдерди ойлонуп таап, аларды лекала, конструкторго жасаганга бердик. Дордойдон соода түйүнүн ачып, товарларды Орусиядагы кардарларыбызга жөнөтө баштадык. Мындан сырткары биздин товарларга жергиликтүү жана Казакстандан келген кардарлардын да суроо-талабы күч эле. Жарым жыл өткөндөн кийин, убакыт өзүбүздүн өндүрүш керек экендигин көрсөттү. Мурда алып-сатып жүрсөк, эми ошол товарларды өзүбүз өндүрүп, өзүбүз саталы деп көп созбой өндүрүштү ачууга кириштик. Ижарага жайларды, тигүүгө керектүү жабдууларды, машиналарды алып, тикмечи кыздарды чогултуп ишти баштадык.
– Бул тармакта да жаңы ыкмалар негизги ролду ойносо керек?
– “Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” демекчи, биз бул ишти аркалоодо дагы көп нерсени билүү үчүн терең билим алуу, окуу керектигин түшүндүк. Ар бир баскан кадамың билгичтикти, кесипкөйлүктү талап кылат экен. Ошондуктан тажрыйбабызды өнүктүрүү, жогорулатуу үчүн тренингдерге, окууларга катышып турабыз. Көптөгөн технологдор менен иш алып барабыз. Азыр дүйнөдө технология минут сайын өсүп, өзгөрүп улам кийинкисине алмашып жатат. Мисалы, союз убагындагы же андан кийинки мезгилдеги иш ыкмалары азыркы заманга такыр туура келбейт. Учурду кармап, акыркы дизайндарды кууп олтурушуң керек. Антип иштебесең, ишиң жүрбөйт. Дизайн, моделдерди азыр заман талабына жараша жасабасаң сата албайсың, өтпөй ишиң артка кетет. Ошондуктан биз тажрыйба алмашып, көп нерселерди орустардан, кытайлардан, түрктөрдөн үйрөндүк. 30-40 жылдан бери иштеп жүргөн тажрыйбасы мол, кесипкөй технологдор менен иш алып барабыз. Бирок, мезгилге жараша кээ бир технологдордун ыкмалары да азыр актуалдуу болбой калыптыр. Заман талабына шайкеш келген дизайндар, моделдер, ал эле эмес технология дагы күн сайын өзгөрүлүүдө. Билген нерсебизден, биле элегибиз көп экен. “Жаш келсе ишке” дегендей командабыз тажрыйбалуу, өз ойлору, идеялары бар креативдүү жаш муундардан турат.
– Атаандаштык курч мезгилде биздин Кыргызстандан чыккан Made in KGнин киймдери дүйнөлүк рынокто сапаты жагынан утулуп калбайбы?
– Эч убакта утулбайт. Себеби, азыркы кезде баары, ошонун ичинде биз өзүбүз айрыкча сапатка басым жасайбыз. Биздин өндүрүштөн өндүрүлүп чыккан продукциялар абдан сапаттуу. Биздин максат – Кыргызстан дагы эң жогорку деңгээлдеги сапаттуу кийимдерди чыгара алат деген нерсени көрсөтүү менен имиджибизди көтөрүү. Өзүбүздүн брендди даңазалоо. Орусиянын белгилүү бренддерин, Wildberries, Ozon деген электрондук коммерцияларына кийимдерди тигип коебуз. Ал жакта соода кылган селлерлерге даярдап беребиз. Коллекцияларыбыз Дордой базарында да сатылат. Биз негизинен аял кишилердин сырткы кийимдерин тигебиз. Өндүрүлгөн продукциянын 95%ы экспорттолот. Россия мамлекетине 95%ы, калган 5%ы Орто Азия мамлекеттерине тарайт.
Биз Кыргызстанга келген жылдары тигүү цехи десе караңгы, кунарсыз, муздак жертөлөдө эптеп айласыздан кылган ишти элестетет элек. Ошондой жерде иштейм дегенден намыс кылган стереотипти өчүрүп, биз азыр заманга жараша өнүккөн, иши жүргөн, көп маяна алган, жаркыраган, заманбап жана келечектүү жайды көрсөткүбүз келет. Бизге окшогон жаш ишкерлердин аракети менен тигүү тармагы мына азыр кадимкидей бутуна туруп, улам өргө чыгууда.
Мурда сырт жакта Кыргызстандын кийимдеринин сапаты өтө жакшы эмес деген көз караш болгон. Азыр бул нерсе жок. Өнүккөн мамлекеттерде тигүү тармагы кандай өнүксө, бизде андан кем эмес. Сапат жагынан алар менен теңтайлаша алабыз. Ошол эле Түркия, Кытай мамлекеттери кандай тиксе, биз да алардан кем калбай, сапатка, дизайнга, актуалдуу үлгүлөргө басым коебуз. Бааларына токтоло кетсек, алардыкына салыштырмалуу биздики арзаныраак. Кытайлардыкы менен бирдей десем болот.
– Көргөзмө-жарманкелерден ишкерлер эмнени утат?
– Сатып өткөрүү жагынан ишкерлер бир гана өз күчтөрүнө ишенишет. Өз каражаттарыбызды сарптап, көргөзмө-жарманкелерге катышабыз. Ар ким өз дараметине жараша аракет кылат. Кардарды кантип таап, кандай сүйлөшө алса, сатуу иштери да ошого жараша болот. Биз Казакстандын Алматы, Москва шаарларына көргөзмө-жарманкелерге катышып турабыз. Мурдагы жылкы Алматыда болгон көргөзмөдө Кытай, Түркия, Өзбекстан, дагы бир нече өлкөлөрдөн ишкерлер келип көргөзмөгө катышышты. Башка өлкөлөрдө өндүрүштү жүргүзүп, элди жумуш менен камсыз кылып, салыктарды төлөп, көргөзмөлөр аркылуу көптөгөн кардарларды тартып, буюртмалардын санын көбөйткөнү үчүн мамлекет тараптан колдоо иретинде акча каражаты бөлүнүп турат. Пайда алып келе турган иш-чаралар үчүн мамлекет 10 миң доллардан 40 миң долларга чейин каржылайт. Жеңил өнөр жайын көтөрүү максатында пайызсыз насыя берет. Реалдуу көрүнүштөн мисал келтирейин, жакынкы кошуна Өзбекстанды эле алалы, алар мурда бизге буюртма берип, бизден товарларды алып жүрүшсө, азыр алар өздөрү өнүгүп, өзүлөрү буюртмаларды алып жатышат. Бизге болгон чоң атаандаштык жаралды. Эки жакка чыгып, иш-чараларга катышканыбыз негизи мамлекет үчүн да пайдалуу. 2022-жылы Алматыдагы KAF деген көргөзмө-жарманкеге катышуу үчүн жаныбыздан 7 миң доллар сарптадык. Кайсыл шаарга барбайлы, өз каражаттарыбызды өзүбүз көтөрөбүз. Өндүрүштү алып кете ала турган потенциалдуу ишкерлерди мамлекет тараптан колдосо, натыйжалар абдан жакшы болмок. Себеби, жеңил өнөр жайынын тигүү тармагы канчалаган жумушчуларды иш менен камсыз кылып жатат. Миграция агымынын азайышына биздин салым чоң. Азыр кыргызстандыктар иштегени негизинен Россия өлкөсүнө барышат эмеспи. Чындыгында ал жакка баруунун эч кандай кажети жок. Ушул жерден эле сопсонун оокат кылышса болот. Эгерде көргөзмөлөрдөн буюртмалар көп түшсө, жумуш орундары да көбүрөк түзүлөт. Мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө салымыбыз зор. Кыргызстандын тигүү тармагындагы аброюн бизге окшогон ишкерлер көтөрүп жатат.
– Жөнөткөн товарлар чегарада кармалбай, убагында жетеби?
– Биздин кардарлар акырындык менен Кытайга, Бангладешке, Өзбекстанга кетип калышы мүмкүн. Себеби, бул өлкөлөрдө мамлекет тараптан колдоо болгону үчүн кийимдерди арзаныраак тигип, арзан чыгарат. Кардарлардын көпчүлүгү ал жакка бурулуп кетсе, бизге кыйын болот.
Бирок, биздин кыргыздар шыктуулугу, чеберчилиги, лоялдуулугу менен ийкемдүү келип, моделдерибизди кардарга жараша өзгөртүп, ылайыктап, алардын көңүлүнө, табитине жага турган жаңы моделдерди тапканыбыз менен айырмаланып турабыз. Башкалардан өзгөчөлөнгөн оригиналдуулугубуз бар. Мамлекет бизди финансы жактан колдоп берсе, абдан жакшы секириктер болмок.
Бир чети биз мусулман өлкөсү болгондуктан, шариятта пайыз менен насыя алган болбойт деген нерсени карманабыз. Бирок кайсыл жакка кайрылба, пайызсыз каражат бербейт. Биз сыяктуу адамдардын көпчүлүгү азыр андай насыяны албай калды. Мындай болгондон кийин өзүбүздүн чыныгы күч аракетибизге таянып иштөө керек болот. Бул өтө кыйын.
Өзбекстанда товардын логистикасын түзүп, Россияга жеткирип берүү жагын да мамлекет колго алган. Бизде бажы биримдигине киргенибиз менен кээ бир учурларда чегарада фуралар багыт алган жерине жетпей кармалып калат. Кардарыбыз саргарып күтүп отурат. Өз убагында жетпей кечигип барганда, убадалар биз тараптан аткарылбай калат. Ушундай кесепеттердин айынан буюртамалардын көпчүлүгү үзүлөт. Жолдо кармалып калуу сыяктуу көйгөйлөр буюртма берген тараптын эмес, биздин маселеге жатат. Келишим боюнча товарлар убагында жетпесе, айып пулдарын төлөө биздин моюнга илинет. Убагында жетпеген товардын буюртма берген тарапка да зыяны тиет. Себеби, алар дагы сезондун кийимдерин өз убагында сатканга үлгүрүп калуусу керек. Убагы өтүп кетсе, товар өтпөй калат. Бул маселелерди дайыма эле көтөрүп, КР Экономика министрлиги өткөргөн тегерек столдорго катышып, көйгөйлөрдү ортого салып, үнүбүздү жеткирип турабыз. Мамлекет тараптан чегара, бажы маселелери ар дайым тыкыр көзөмөлдө болушу зарыл. Чыныгы көйгөйлөрдү, анык маалыматтарды тиешелүү органдар бизге окшогон практик ишкерлерден алса, конкреттүү чечимдерди кабыл алганга туура кадам болоор эле.
– Сиздерде ишке болгон мамиле кандай?
– Кыргызстанда салыштырмалуу калктын саны аз. Анын ичинен жумушка жарактуулары, алардын ичинен дагы тигүү тармагында тикмечи болуп иштей тургандары аз эле санда. Бизде СССРдин тарбиясын алып, 33 жылдан ашса да канга сиңип калган жалкоолук менен эркелик бар. Жумушка болгон көз караш менен мамиледе жоопкерчилик өз нугунан чыгып кеткен. Россияга барып пол жууп же официант болуп иштегенден көрө, өз жериңде андан жакшы жумуш кылып, акчаны эки эсе тапсаң болот. Мисалы, бизде бардык шарттар бар. Түшкү тамагы бекер. Айлык акы токтоосуз, жума сайын берилет. Жакшы иштегендер айына 70 миң сомго чейин алышат. Ошондой шарттарды түзүп берсең да, жумушка себепсиз келбей коюшат. Башка тигүү цехтерине айтпай туруп кетип калышат. Ошол эле адамдар Россияга барса, ал жакта так жүрүп, тартиптүү болуп иштешет.
Бактыгүл Кулатаева