"Эркин-Тоо"

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу алмашты

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу алмашты. 25-ноябрда КРнын Күрөш федерациясынын жыйыны болуп, анда жаңы машыктыруучулар штабы дайындалды. Команданын башкы машыктыруучусу  болуп Уран Калилов  дайындалды. Буга чейин бул кызматты 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Азат Эркимбаев аркалап келген. Улуттук курама команданын улук машыктыруучулары Арсен Эралиев менен Улугбек Карачолоков да кызматтан кетишти.

Уран Калилов 43 жашта.

Ал кадеттер (1996) жана жаштар арасында дүйнө чемпиону (1998), жаштар арасында Азия чемпиону (1999), Азия оюндарынын (2002) жана Азия чемпионатынын (2001) коло байге ээси.


Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!