Григорьевка капчыгайындагы малчыларга азык-түлүк жеткирилип, сел коркунучу боюнча эскертүү берилди

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

6-июль күнү ӨКМдин куткаруучулары жана Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы менен кызматкерлери Григорьевка капчыгайынын Суу-Ашуу ашуусундагы малчылардан кабар алып, аларга азык-түлүк жеткиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө малчыларга Ак-Сай жайлоосунда нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел агымы пайда болуп, кооптуу кырдаал жаралгандыгы тууралуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Такталган маалыматка ылайык, учурда ашуудагы малчылардын абалы жакшы, азык-түлүк менен жетиштүү камсыз болушкан. Ал эми Чоң-Ак-Суу дарыясындагы 5-көпүрөнү сел алып кеткен 2-июль күнү жаш балдар, аялдар жана эс алуучулар коопсуз жайга эвакуацияланган.

Григорьевка капчыгайындагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жарактан чыккан 5-көпүрөнү калыбына келтирүү иштери бүгүнтөн тарта башталат. Бул үчүн атайын техникалар тартылып, оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жеринде изилдөө жүргүзүп, кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. Абал Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүндө.

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X