"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Гүлнура Таштанбекова дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык балбан кыз Гүлнура Таштанбекова Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан U23 жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Спортчу 68 килограмм салмак категориясында күч сынашып, алгач мексикалык Дебанхи Тапия Гарсияны 13:4 эсебинде жеңип, чейрек финалга өткөн. Андан соң италиялык Лаура Годинону 7:0 эсебинде утуп, жарым финалга жеткен.

Жарым финалда түрк балбаны Несрин Бас менен таймашта аз упай айырмасы менен 6:8 эсебинде утулуп калганына карабастан, немис спортчусу Герда Барфты 4:2 эсебинде жеңип, коло байгеге татыды.