"Эркин-Тоо"

Хантимеров: ЖЭБ 2нин аймагы баалуу районго айланат

Бүгүн, Бишкекте Кыргызстандын курулуш комплексин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен формалдуу эмес жолугушуу болуп өттү.

PARTNER компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү Рафгат Хантимеров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда Кыргызстанда курулуш тармагында Мамлекеттик ипотекалык компания кызуу иштеп жаткандыгын билдирди.

“Курулуш тармагынын серепчилеринин айтымында, акыркы бир жыл аралыгында кыймылсыз мүлктүн баасы 20%дан ашык өскөн. 2020-жылга салыштырмалуу бул өсүш 60%ды түзгөн. Бул тенденция негизинен курулуш материалдарынын кымбатташына байланыштуу болду.

Учурда Бишкекте курулуш тармагы кызуу жүрүп жаткан учур. Айрыкча Мамлекеттик  Ипотекалык Компаниянын ишин белгилеп айтууга болот.  Биздин PARTNER курулуш компаниябыз да сапаттуу үйлөрдү курууну улантууда. Бирок, экономикалык өсүштөр, өзгөрүүлөргө ылайык, биз сунуштаган үйлөрдүн баасы кымбат экендигин танбайбыз. Албетте, социалдык абалына жараша жарандардын чөнтөгүнө ылайыктуу да үйлөрүбүз бар. Аларды компания сапаты жагынан мыкты, сеймологиялык жактан талапка жооп бергендей кылып сунуштап жатат”-деди Рафгат Хантимеров .

Ошондой эле, Рафгат Хантимеров жакынкы жылдары Бишкек жана Ош шаарында жаңы курулуштар көбөйүп, Бишкекте ЖЭБ 2нин аймагы баалуу районго айланарын кошумчалады.