"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

“ХАНЫШАНЫН КӨЗ ЖАШЫН” “БИР КЕМПИРДИН КӨЗ ЖАШЫ” ДЕСЕК БОЛО БЕРЕБИ?!

Таланттуу инсандын, эгер ал чыныгы талант болсо анын жазмышы ары татаал, ары катаал, ошону менен бирге бактысы да башкача бийик, жылдызы өзгөчө жарык болот эмеспи. Кыргыз адабияты, албетте, акын-жазуучуларга абдан бай. Бүгүнкү күндө да Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес. Карыларга катарлаш таланттуу жаштар өсүп келе жатат. Бирок ошол көзү өтүп кеткен таланттар менен көзү бар таланттардын кимиси канчалык деңгээлде кыргыз элинин руханий мурасын байытып, жылдызын көкөлөтө алды, бул да жалпы окурмандын көз алдында даана көрүнүп, тараза ташында чайпалып тартылып турат. Ал эми адабиятка, өзгөчө поэзия ааламына жарык жанып кирген, өзү “ алоолонгон отту” көп жазып, кыргыз поэзиясынын кыртышына оттуу поэзияны алып келген жалын жүрөк, жалындаган жаңычыл акын бейиши болгур, Жолон Мамытовдун өз элине калтырган ажайып мурасынын бүгүнкү абалы кандай? Ага кандай мамиле жасалып жатат? Мына ушул маселенин айланасында азыноолак сөз кылууну туура көрүп турабыз.

Жолон Мамытовдун 1991-жылы «Адабият» басмасынан басылып чыккан «Башат жана Мухит» тандалмалар жыйнагын, 2016-жылы  Жумадин Кадыровдун редакторлугу менен «Улуу тоолор» басмаканасынан Жолон Мамытов “Чыгармалар жыйнагы” деген аталышта эки томдугу кайрадан басылып чыгарылышы окурмандар арасында оозеки сөз болуп, бирок бул адабияттагы алешемдик, орчундуу көйгөй катары эч жерде расмий көтөрүлбөй келе жатканы адабиятчылардын, анын ичинде адабий айдыңда күн кечирип келе жаткан жалпы чыгармачыл адамдардын кайдыгерлигинен кабар берет. Адабияттагы алешемдик дегенибиздин себеби, китептин жаңы нускасындагы Жолон Мамытовдун ырларын түзүүчү – Меңди Мамазаирова менен редактору – Жумадин Кадыров каалагандай чалмакейди чалып, оңдоп-түзөп, кайрадан басып чыгарганында болуп жатат.

Окурман катары сөзүбүздү аргументтүү фактылар менен далилдеп кетели:

(Жолон Мамытов: «Адабият» басмасы «Башат жана Мухит» тандалмалар жыйнагы-1991-жыл)

МЕН ЭМНЕНИ ЖАЗГЫМ КЕЛЕТ

“Ынсандагы жөп-жөнөкөй турмуш-алды жазгым келет:

Дене чарчап, уйку тартып турган чакты,

Сулуулуктан жүрөк солк дей түшкөн маалды,

Туулган жерден алыстагы сагынычты,

Каректерден жылт деп учкан жек көрүүнү,

Көпкө келбей зарыктырган жардын катын,

Жыртылса да эсте жүргөн кийимдерди,

Айтылбастан кала берген сан сырларды,

Кез-кездерде эңсеттирген тамакты да,

Булчуңдардын эбегейсиз күчтү сезген мезгилдерин,

Калктар сүргөн кан тагдырдын ирмемдерин,

Күндөр бизди кайда сүрүп баратканын,

Жана дагы

Бошко кеткен эргүүлөрдү жазгым келет.” – деп Жолон Мамытовдун жазганын кайра басылган китептин редактору Жумадин Кадыров менен түзүүчүсү Меңди Мамазаирова минтип оңдоп чыгышыптыр:

 

(Жолон Мамытов: «Улуу тоолор» басмасы «Чыгармалар жыйнагы»-2016-жыл)

МЕН ЭМНЕНИ ЖАЗГЫМ КЕЛЕТ

Адамдагы эң жөнөкөй нерселерди жазгым келет:

Дене чарчап, уйку тартып турган кезди,

Сулуулуктан жүрөк солк дей түшкөн чакты,

Туулган жерден алыстагы сагынычты,

Каректерден жылт деп учкан жек көрүүнү,

Көпкө келбей зарыктырган жардын катын,

Алда качан жыртылса да эсте жүргөн кийимдерди,

Далай-далай айтылбастан кала берген сөздөрдү,

Кез-кездерде ушунчалык биз эңсеген тамактарды,

Булчуңдардын эбегейсиз күчтү сезген мезгилдерин,

…………………………………………………………………………………………

Күндөр бизди кайда сүрүп баратканын,

Жана дагы

Бошко кеткен эргүүлөрдү жазгым келет.

Мында өтө эле акылы ашып ташыган, бу Жумадин Кадыров менен Меңди Мамазаирова Жолон Мамытовдун эмнени жазгысын келгенин кайдан билип оңдоп жүрүшөт?! – деген суроо албетте окурман арасында жаралбай койбойт. Ооба, Меңди Мамазаированы Жолон Мамытовдун жесири – мураскери катары жалпы коомчулук тааныйт. Бирок ага мураскерлик гана укук берилген да. Ага бирөөнү редактор коюп алып, Жолон Мамытовдун чыгармаларын каалаганыңдай оңдоп-түзөп, кайра басып чыгара берүү укугу Кудай тарабынан да, мыйзам тарабынан да, инсандык абийир тарабынан да берилген эмес! Көзү өткөн Кыргыз элинин залкар акынынын чыгармаларын мынчалык кунарын кетирип, ой кырынча оңдоп-түзөтүүгө моралдык укугу бар беле?! Же булар Жолон Мамытовдон да кыйын болуп кеткенби?! Астейдил саресеп салып окуган окурманга бул эки чыгаан пенде балдары адабият чөйрөсүндө белгилүү бир максатка жетүү үчүн бир нерсени жок кылууга же зыян келтирүүгө багытталган тымызын адабий диверсия жасагандай эле таасир калтырат экен.

 

Андан ары карай көңүл буруңуз, урматтуу окурман:

(Жолон Мамытов: «Адабият» басмасы «Башат жана Мухит» тандалмалар жыйнагы 1991-жыл)

КАЙГЫГА АФРИКАЧА КОММЕНТАРИЙ

“Алдан тайып жыгылганың кайгы эмес,

Жашооң бүтүп, көз жумганың кайгы эмес.

Сүйгөнүңө жетпей калуу кайгы эмес.

Жашооңдогу майда, же зор кемчилик,

Жардычылык — мунун баары кайгы эмес.

 

Эң зор кайгы — тууган элдин тагдырын

Таштап коюп баскынчынын эркине;

Көңүлүңдү түтүп тирүү басып жүргөнүң

Ааламдагы эбегейсиз зор күнөө…”—деп Жолон Мамытов аалам алкагында бүтүндөй жер континентиндеги адамзатка чакырык таштап, намысын ойготуп жатса, булар тек гана эркек кишиге тиешелүү кылып, ырдын таасиринин масштабын тарытып, маанисин кетирип шыпшынып отурушат. Туулган элдин тагдырын Эр Манастан кем эмес баскынчылардан коргогон, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзалар жөнүндө бу эки билармандын кабары жок өңдөнөт. Салыштырып караңыз урматтуу окурман:

 

(Жолон Мамытов: «Улуу тоолор» басмасы «Чыгармалар жыйнагы» 2016-жыл)

КАЙГЫГА АФРИКАЛЫК КОММЕНТАРИЙ

Бул ырдын атын атайылап эле ушинтип койгон. Анткени, ал кезде биз Улуу элдин алдында эзүүдөбүз. Мунун өзү зор кайгы, зор күнөө деп ачык айтуу кыйын эле. Өз элинин эркиндигин эңсеген акынды бул ой өтө кыжалат кылып, кыйнаар эле. Каймана айтып, ички талабын кымындай болсо да канагаттандырган акын. (Түзүүчүдөн)

“Алдан тайып жыгылганың кайгы эмес,

Жашооң бүтүп, көз жумганың кайгы эмес.

Сүйгөн кызга жетпей калсаң кайгы эмес.

Жашооңдогу майда, же зор кемчилик,

Жардычылык — мунун баары кайгы эмес.

 

Эң зор кайгы — тууган элдин тагдырын

Таштап коюп бөтөндөрдүн эркине;

Көңүлүңдү түтүп тирүү басып жүргөнүң

Ааламдагы эбегейсиз зор күнөө…” “Баскынчы” менен “бөтөндөрдүн,” айырмасы асман менен жердей го! Тууган элдин тагдырын бөтөндөрдүн эмес, кара ниет баскынчынын эркине таштап коюп көңүлүң түтүп тирүү басып жүргөнүң эң зор кайгы, ааламдагы эбегейсиз зор күнөө!.. — деп айтып жатса, ал ыр саптарын бул эки “баскынчы” басып алып каалагандай оңдоп жатса, ага эмне үчүн эч ким көңүл бөлбөйт?! Биздин адабиятчылар, маданият кызматкерлери, расмий наамы бар эл акындары, эл жазуучулары, жалпы Кыргыз интеллигенциясы каякты карап отурат?!

 

(Жолон Мамытов: «Адабият» басмасы «Башат жана Мухит» тандалмалар жыйнагы 1991-жыл)

СЕН — ОҢОЙ ЖОЛ, КҮЙГҮЗӨСҮҢ КӨЗҮМДҮ…

“Сен — оңой жол, козгойсуң да сезимди,

Багындырып бардык акыл-эсимди

Ирим болуп соруп бара жатасың

Күтүрөгөн күчкө толо кезимди.

 

Татаалдыктын арт жагынан даңгырап

Сен оңой жол, күйгүзөсүң көзүмдү.

Сага алпараар лабиринтте каңгырап

Мен түгөтүп алчудаймын өзүмдү.

 

Мен бул саамда өжөрдүктөн алыстап

Чын көңүлдөн айттым сырды, жөнүмдү.

Кандай кыйын сага жетпей сарыптап

Орто жолго чачып алуу өмүрдү.

 

Мен бул ирет таштаймын да санааны,

Тууган жердин турпагынан күүлөнөм.

Жер — энеке, бала бакыт табабы

Өзүн тууган энекесин сүйбөгөн?

 

Жаңы нуктан баштаймын да ырымды

Мен бул ирет Мекенимди ойлоном.

Өмүр сүрүп дүңгүрөтүп кылымды

Сапар тарткан из жок, жаңы жол менен…”

 

(Жолон Мамытов: «Улуу тоолор» басмасы «Чыгармалар жыйнагы» 2016-жыл)

СЕН — ОҢОЙ ЖОЛ, КҮЙГҮЗӨСҮҢ КӨЗҮМДҮ…

“Сен — оңой жол, козгойсуң да сезимди,

багындырып бардык акыл-эсимди

ирим болуп соруп бара жатасың

күтүрөгөн күчкө толо кезимди.

 

Татаалдыктын арт жагынан даңгырап

сен — оңой жол, күйгүзөсүң көзүмдү.

Сага алпараар лабиринтте каңгырап

мен түгөтүп алчудаймын өзүмдү.

 

Мен бул ирет максатымдан алыстап

чын көңүлдөн айттым сырды, жөнүмдү.

Кандай кыйын сага жетпей сарыптап,

орто жолго чачып алуу өмүрдү.

 

Мен бул ирет таштаймын да санааны,

тууган жердин кучагынан күүлөнөм.

Жер — энеке,

 

бала бакыт табабы

өзүн тууган энекесин сүйбөгөн?!

 

Жаңы нуктан баштаймын да ырымды

мен бул ирет Мекенимди ойлоном.

Өмүр сүрүп дүңгүрөтүп кылымды,

сапар тарткан саябандуу жол менек…” Дыйкандай өжөр акынды отуу ырдан окчундатып, “Мен бул саамда өжөрдүктөн алыстап…” деген сапты “Мен бул ирет максатымдан алыстап…” деп, өжөрлүк менен максаттын айырмасын билбей чукулап отуруп ырдын отун өчүрүп, көсөөлөрүн ээгине таянып тиктешип отуруп калышыптыр! Уят го дейм бул көрүнүш! Жолон Мамытовдун ырлары бүтүндөй адамзаттын руханий байлыгы! Жалпы Кыргыз элинин сыймыгы экенин эстен чыгарбашыбыз керек! “Өмүр сүрүп дүңгүрөтүп кылымды Сапар тарткан из жок, жаңы жол менен…” деп Жолон Мамытов из жок жаңы жол менен баратса, бул экөө Базар-Коргондун Жаңгак токоюнан түптөлгөн саябандуу тоннелде жетелешип бараткандай таризде оңдоп чыгышыптыр! Грамматикалык каталарын айтып отурсаң таң атып кетчүдөй. “Сапар тарткан из жок, жаңы жол менен…” бул сапты оңдогону аз келгенсип, сапар тарткан саябандуу жол менек…” деп ката жазышкан.

Эми бул төмөнкү ырына жакшылап назар салыңыз урматуу окурман:

(Жолон Мамытов: «Адабият» басмасы «Башат жана Мухит» тандалмалар жыйнагы 1991-жыл)

ТУУЛГАН ЖЕР ЖӨНҮНДӨ ЫР

“Ырдады бир орус чал Ош багында:

«Оролум, уңгум менин жаш чагымдай.

Өстүм го токоюңа баш калкалап,

Жарышып шамал менен таштагыңда.

Кан согуш сүрдү бизди, кеттим турбай

Сүйүктүү аймак, сени таштадым да.

Оролум, уңгум менин жаш чагымдай».

 

Кыр ашкан телефондун зымдарындай,

Сагынган от жүрөктүн сырларындай,

Гитара жаш кылгырта зуулдады

Пенденин шашып өткөн жылдарындай.

 

«Оролум, Россиянын жүрөгү,

Канчабыз сенден сыртта жүрөбүз.

Билбес-ов сендегилер бизче баркың,

Биз узактан сызылып сүйөбүз.

Оролум, Россиянын жүрөгү….

 

Миздерин ташка бүлөп, отко кайрап,

Сагыныч шарактаган оргуп-кайнап,

Толкундай кусалыкты жай ырдады,

Гитара күүсүн коштоп улуу кайрат.

 

«Оролум, үркөр бактым, сымап дайрам,

Мен өткөн доор сендик, сага пайдам.

Өзүңдөн кан тамырдай алыс кеттим

Башымда тизгин кагып тагдыр — майрам.

 

Оролум, дүрбү көзүм, таттуу кайгым,

Оролум, көк асманым желе жайган.»

Мен муюп чал жанында бир жаш улан,

Туулган жер Гимнин туюп, угуп турам.”

 

(Жолон Мамытов: «Улуу тоолор» басмасы «Чыгармалар жыйнагы» 2016-жыл)

ТУУЛГАН ЖЕР ЖӨНҮНДӨ ЫР

Ырдады бир абышка Ош багында:

«Уралым, менин уңгум жаш чагымдай.

Өстүм го токоюңа баш калкалап,

жарышып шамал менен таштагыңда.

 

Ааламга тозуп кеттим, анан турбай

сүйүктүү жерим, сени таштадым да.

Уралым, менин уңгум жаш чагымдай».

 

Кыр ашкан телефондун зымдарындай,

сагынган жүрөктөрдүн сырларындай,

гитара жаш кылгырта зуулдады

пенденин шашып өткөн жылдарындай.

 

«Уралым, Россиянын жүрөгү!

Канчабыз сенден алыс жүрөбүз.

Билишпес сендегилер зор баркыңды,

биз узактан сызылып сүйөбүз.

Уралым, Россиянын жүрөгү…»

 

Миздерин ташка бүлөп, отко кайрап,

сагыныч шарактаган оргуп кайнап,

толкундай кусалыкты жай ырдады,

гитара күүсүн минген улуу кайрат.

 

«Уралым, үркөр бактым, сымап дайрам,

мен өткөн доор сендик, сага пайдам.

Өзүңдөн кан тамырдай алыс кеттим

башымда тизгин кагып тагдыр — майрам.

Уралым, дүрбү көзүм, таттуу кайгым,

Уралым, жөргөмүшүм желе жайган».

 

Гитара: зың-зың урал, зың-зың урал.

Гитара: зың-зың урал, зың-зың ураан.

Гитара: дың-дың урал, дың-дың урал.

 

Гитара: дың-дың урал, асманга улайм.

Мен уюп Ала-Тоолук бир жаш улан,

ТУУЛГАН ЖЕР ЖӨНҮНДӨГҮ ГИМНДИ угуп турам.” Чү дегенде эле “Ырдады бир орус чал Ош багында:” деген сапты “Ырдады бир абышка Ош багында:” деп оңдоптур. Бул жерде сөз согуш жылдарында тагдырдын жазмышы менен аргасыз Орусиядан келген орус чалдын ыры жөнүндө, анын Орусиядагы туулган жерине болгон кусалыгы, сагынычы, арзуусу жөнүндө болуп жатат го! «Кан согуш сүрдү бизди, кеттим турбай…» деген сапты «Ааламга тозуп кеттим, анан турбай…» деп, орус чалды белгисиз  мигрант абышкага айлантып жиберишиптир. Ал эми, «Оролум көк асманым желе жайган…» деген сапты «Уралым жөргөмүшүм желе жайган…»  деп экөө отуруп алып жөргөмүштүн торун жайыптыр. Желе жайган жөргөмүш негизинен Кыргыз элинин табиятында жамандыктын жышааны. Эмне максатта минтип оңдой бергенин өздөрүнөн башка эч ким түшүнбөсө керек! Бу эки чыгаан пенде балдары “зың-зың, дың-дың!..” деп эле мындан башка дагы “Ойчул курак,” “Кырман,” “Элдин ыры…” сыяктуу дээрлик мыкты ырларынын баарын оюна эмне келсе ошентип оңдой беришиптир! Бул көрүнүштү көргөн окурманда, дегеле Жумадин Кадыров деген ким?! Ал залкар адабиятчыбы? Анын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына редактор болгонго акыл-парасаты, интеллект-көрөңгөсү, ой жүгүртүү масштаб-кудурети жетет беле?! – деген олуттуу суроо жаралат.

Маселен бүгүн Жолон Мамытовдун көлөкөсүнө жайгашып алып Ош шаарында “Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган Түрк дүйнөсүнүн “Жашыл аалам” жаш акындар фестивалын” өткөрүп жаткан Кыргыз эл жазуучусу, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевдин “Ханышанын көз жашы” спектаклин “Бир кемпирдин көз жашы” деп оңдоп койсо боло берет беле?! Анда ал кемпир да, чыгарма да эч кандай мааниге ээ болбой калмак. Ханыша заматта катардагы бир кемпирге айланмак. Оролун сагынган орус чалды “бир абышка” деп оңдоп, бүтүндөй бир зор эмгекти жокко чыгарышканын түшүнүшөбү булар?

Эгер Жолон Мамытов Султан Раевдин ордунда болуп, Султан Раевдин чыгармаларын башка бирөөлөр ушинтип тооктун жүнүн жулгандай жулмалап, “Бүт чыгармалары оңдоого муктаж…” деген таризде редакциялап, оңдоп чыкса, Жолон Мамытов билмексен болуп, карап турбаса керек эле. Же салыштырмалуу айтканда, Жолон Мамытов Ош шаарында “Султан Раевдин 85 жылдыгына арналган Түрк дүйнөсүнүн “Топон” жаш жазуучулар фестивалын” өткөрүп калса, эч бир олуттуу план, программасы жок эле, “Адыр адыр тоолордон, айгыр минип биз келдик, айгыр башын тарталбай, отуз бештеги акындарды издеп жүрүп, кырк бештен өткөн акындарга туш келдик…” таризинде кайдигерлик менен “халтурить” этип фестиваль өткөрмөк эмес. Муну айтып жатканым, мен бул көйгөйлөр жөнүндө Султан Акимович менен сүйлөшкөнмүн. Ал: “Ким оңдоптур?!.. Акмак экен го!.. Андай болбойт!.. Биринчи жолу азыр угуп жатам!.. Андайга жол бербеш керек!..” деп катуу чочуган эле. Бирок (?) чочуп эле тим болду…

Жолон Мамытовдун ырлары кыргыз тилинин алтын кору, кыргыз поэзиясынын алтын казынасы болуп саналат. Анын чыгармаларындагы терең философиялык ойлор жана поэтикалык туюнтмалар ар бир окурманга, жалпы адамзатка өзгөчө таасир берет. Ошондуктан, акындын мурасын көздүн карегиндей сактоо, анын оригиналдуу формасын окурмандарга бузбай жеткирүү өтө маанилүү. Китептерин кайра басып чыгарууда ким болбосун ырларынын түпнускасындагы үтүр, чекитин, мазмунун өзгөртпөй этият мамиле жасап, акындын чыгармачылык духун-рухун сактоого милдеттүү. Жолон Мамытовдун чыгармаларын оңдоо укугу катардагы адамдарды мындай кой, Мамыт аксакалга да берилген эмес! Аны акыл-эси жайында адамдын баары билет.

“Жолон Мамытовдун метафораланган оттуу сөздөрү мажирөө сөздөргө алмаштырылганда ырдын ритми бузулуп, семантикасы – алоолонуп турган жалындуу ырлары ортозаар поэзияга айланып калып атпайбы!.. Жолон Мамытовдун чыгармаларына аяр, интеллектуалдуу мамиле жасоо керек, анткени акындын априорунда күчтүү талант жана универсалдуу билим болгон!..” деп Жолон Мамытов боюнча диссертация жазып, илимий даражага ээ болуп, студенттерге сабак берип жүргөн  Айтмамат Оморов деген илимпоз инсан жер муштап, добулбас кагып, коомчулукка жар салып келет. Аны уккан адам барбы?! Чындыгында Жолон Мамытовдун априорунда – эч кандай тажрыйбага, таасирлерге көз каранды болбогон эркиндик бар. “Татаалдыктын арт жагынан даңгырап көз күйгүзүп турган оңой жол издегендер, ага алып барчуу лабиринтте каңгырап өзүн түгөтүп аларын унутпашы керек! Жолон Мамытов бул ырын өзүнө эмес, оңой жол издегендерге карата жазганын эстей жүрүшүбүз керек.

Ал эми махабат темасындагы ырларын жеке өзүнө менчиктеп, чалмакейди чалып, бирин-бири кубаттап жүргөндөрдүн эсине:

ИЗДЕЙМ СЕНИ

“Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан азууда ден-соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою издеттирип, бир көрүнбөй койгонуң…” деп Жолон Мамытов өмүр бою өз сүйүүсүн издеп, таппай жүрүп бейиштин Үр кыздарына кеткенин биле жүрүү да ашыкча болбойт. Сүйүү темасындагы ырларын “майкандаган” көрүнүштөргө да учуру келгенде кеңири токтолобуз.

Бахпурбек АЛЕНОВ