Харун Челик Чыңгыз Айтматовду Түркияда даңазалап, кыргыз тарыхын, маданиятын баалагандардын бири. Ал Түркиянын Самсун аймагында жашайт. Университетте мугалим болуп эмгектенет, саякатчы жана жазуучу. «Ушул күнгө дейре 162 өлкөдө болдум, саякаттадым, алардын ичинен мен үчүн эң биринчи орунда Кыргызстан турат» деген Харун Челиктин Кыргызстанга болгон сүйүүсү, урматтоосу чексиз.
ХАРУН ЧЕЛИК КИМ?
Атасы да, апасы да Трабзондук болгон Харун Челик 1972-жылы Самсун шаарында төрөлгөн. Анкара университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Ар кандай радио, гезит, телевидение, журнал, агенттиктерде иштеген. Муну менен катар ал көп жылдар бою Пакистанда, Индияда, Иранда жана Ооганстанда журналист болуп эмгектенген. Кабарчы, редактор, жетекчи болуп иш алып барган. Челиктин жарык көргөн эмгектеринин арасынан “Алыстагы жакын өлкө Пакистан”, “Бизге бардык жер трабзон”, “Баскынчы”, “Түндүктөн келген жазуулар”, “Эң улуу ажы биздин ажы”, «Ак адам», “Харматан”, “Биздин димитрий» ж.б. чыгармаларын көрүүгө болот.
Дүйнөнүн көпчүлүк жерин кыдырган саякатчы Челик, ар кандай журнал жана гезиттерде, ондогон саякат файлдарын жана анализдерди жасаган. Ал бир нече эл аралык даректүү тасмаларга катышкан.
Жазуучу жана саякатчы Челик көптөгөн университеттерде, мамлекеттик мекемелерде, министрликтерде, лицейлерде жана бейөкмөт уюмдарда баяндамаларды жана конференцияларды уюштуруп келет.
КЫРГЫЗСТАНГА БОЛГОН СҮЙҮҮМ АЙТМАТОВДОН БАШТАЛГАН
— Мен Чыңгыз Айтматовду мектептеги кезимден бери билем. Кыргызстанга болгон кызыгуум жана сүйүүм Чыңгыз Айтматовдон улам башталган. Анын бардык чыгармаларын кайра-кайра кайталап окугандан тажабайм. Өзүнүн чыгармаларын да, ал тууралуу жазылгандарды дагы окугам. Апасын, атасын, бир туугандарын, чоң энесин өз үй-бүлөмдөй билем десем жаңылбайм. Айтматовго болгон кызыгуум мени Кыргызстанга көбүрөөк кызыкканга үндөдү, ал жашаган жерлерди көргүм келди. Кыргызстанга алгач 2014-жылы келгем, андан кийин дагы сапарларым уланды. Биринчи жолу барганда көп жылдан бери алыс жүргөн туугандарымдын үйүнө баргандай сезимде болдум. Кыргызстанды бир четинен экинчи четине чейин кыдырып, көрүп, изилдеп, жакшы эскерүүлөр менен өлкөмө кайтып келдим. Өзүмдү абдан ыңгайлуу жана коопсуз сезгенимдин бирденбир себеби, ал жакта дээрлик бардык шаарларында жана райондорунда досторум, тааныштарым бар. Кайда барбайын Түркияда билим алып келген кыргыз жаштары мага жардамчы болуп, жалгыз калтырышкан жок. Биринчи жолу барганымда кыргыз тарыхы, маданияты, адабияты менен мурдатан тааныш болгонум үчүн, өзүмдү чет жерге келгендей сезген жокмун.
«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ» КИТЕПКАНАСЫ ЖАНА ТУУЛГАН КҮНҮ
— Жеке китепканамды жыйырма жылдай убакытта түздүм. Китепкананын атын коё турган убак келгенде мен эч ойлонбостон Айтматовдун атын бердим. Анын ысымын жеке өзүмдүн китепканама эле ыйгарбастан, Түркиядагы башка китепканаларга дагы сунуштадым.
Мен өзүмдүн туулган күнүмдү унутушум мүмкүн, бирок Айтматовдун туулган күнүн унутпайм, анын туулган күнүндө достор менен чогулуп белгилейбиз.
КУРМАНЖАН ДАТКА ТҮРК КЫЗДАРЫНЫН ҮЛГҮСҮ
— Мен өзүмө эки миссия койдум. Бири Чыңгыз Айтматов тууралуу Түркияда көбүрөөк маалымат берүү, экинчиси Курманжан Датканы жакындан тааныштыруу.
Курманжан датка тууралуу конференцияларда, университеттеги иш-чараларда айтып, журналдарга макалаларды жазып келем. Өзгөчө жаш кыздарга «Эгер өзүңөргө жол көрсөтүүчү үлгү издесениз, аны Европадан, Америкадан, Батыш өлкөлөрүнөн издебегиле, Курманжан Датка түрк кыздарынын үлгүсү!» деп көп айтам. Мени сыйлаган жаштар жана окурмандарым кээде кыздарына ысым сунуштаңыз дегенде, мен дайыма «Курманжан» дейм. Өзүмдүн кызыма дагы бул ысымды ыйгаргам.
Харун Челик жана анын кызы Курманжан