"Эркин-Тоо"

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы утулду

Кечээ Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында (үчүнчү дивизион) Таиланддын командасына утулуп калды. Беттешти «УТРК-Спорт» телеканалы түз эфирден көрсөттү.

Оюн 9: 4 эсеби менен аяктады.

Белгилей кетсек, кечээ Түркмөнстан Люксембургга утулуп, ал эми Мексика Түштүк Африкага жеңилип калды.

Бүгүн кыргызстандыктар Люксембург командасы менен ойнойт.

Эскерте кетсек, турнирдин жеңүүчүсү экинчи дивизионго көтөрүлөт.