Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Кыргызстандык курама топ жалпысынан 5 беттешке катышып, финалдык беттеште Түркиянын курама командасын 3:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты Түркиянын Стамбул шаарында өттү.