"Эркин-Тоо"

Кыргызстан Аялдар Конгресси мээнеткеч айымдарды куттуктады

Аялзатынын эл аралык 8-март майрамына карата Кыргыз Республикасынын аялдар Конгресси салтка айланган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Салтанатка республиканын бардык аймактарынан келген көп балалуу энелер, ар түрдүү улуттардын жана кесиптин өкүлдөрү, эмгек синирген мугалимдер жана дарыгер айымдар, коомдук ишмерлер, экономика тармагынын алдыңкылары, маданияттын жана искусствонун ишмери болгон айымдар катышты.

Майрамдык иш-чара аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын куттуктоо сөзү менен ачылды. Андан соң өз эмгеги менен мекенибиздин даңкын чыгарган кыргыз аялдарына эл аралык маанидеги «Лидерлик үчүн», «Өрнөктүү эне», «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалдары жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Салтка айланган салтанат концерттик программа менен коштолду. Элибиздин таанымал таланттары Нурайым Азыкбаева,  Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев, Гүлназ Бекбосун кызы, Кенже Көбөкова, Байзак Кубанычбек уулу,  Каныкей Раймалиева, Аскат Мусабеков, Игорь Воронцов,  Тилек Найманбаев, Токтогул Рысалиев, Талант Токонбаев, Осмонова Наргиза, Данияр Долотбаков, Юлия Руцкая, «Айкөл» тобу, «Кыргыз Руху» тобу, «Акак» тобу жана «Шаттык» бий тобу келген конокторго майрамдык маанай тартуулады.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси 1993-жылы түзүлгөн жана Конгресстин 500 000ден ашуун мүчѳсү бар.

Пример HTML-страницы