"Эркин-Тоо"

И.АРАБАЕВДИН УЛУУ МУРАСЫН АРКАЛАГАН ЧЕТ ТИЛДЕР ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ЛИНГВИСТИКА ИНСТИТУТУ

АГАРТУУНУН АСАБАСЫН ЖЕЛБИРЕТИП…

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу, биринчи мугалими И.Арабаевдин 140 жылдыгы расмий белгиленет. Улуу адамдын жаркын элесин эскерип, тарыхка кайрадан дагы бир жолу көз чаптырып, анын инсандык сапаттарын даңазалай турган учурда турабыз.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушу И.Арабаевдин эмгектерине, өмүр жолуна жасалган илимий изилдөөлөрдүн жанданышына, анын улуу мурастарын кеңири жайылтууга өбөлгө болду. 1992-жылы анын аты Бишкек шаарындагы Кыргыз кызкелиндер педагогикалык институтуна ыйгарылган. Андан кийин окуу жай И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлгөн. 1994-жылы жогорку окуу жайдын статусу өзгөрүлүп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети, ал эми 2005-жылдан тартып И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети деп аталып келатат. Азыркы учурда университетти филология илимдеринин кандидаты, профессор А.Т.Абдраева жетектейт.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл АБДРАЕВА

Негизги багыты педагогикалык адистерди даярдоо болгон университетке И.Арабаевдин ысымынын ыйгарылышы менен ал көзү тирүүсүндө бийик көтөрүп келген агартуунун асабасын ушул университетке, анын мугалимдер жамаатына тапшыргандай болду.

Жыл сайын республика боюнча, өзгөчө айыл аймактарынан мектепти жаңы аяктаган улан-кыздар билим алып, өздөрүнүн бийик максаттарын ишке ашыруу үчүн ушул университетке келишет. Мугалимдер жамааты аларды кучак жайып гана тосуп албастан, билим берип, өстүрүп, кесипке даярдап, канаттарын жетилтип, чоң турмушка багыт беришет.

ЧЕТ ТИЛДЕР ЖАНА КОМПЬТЕРДИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Ар бир жогорку окуу жайдын атын чыгарган, аброюн арттырган тармагы болот. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп эсептелген Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту бийик максатты көздөп, жаштарга заманбап билим берүү менен бирге университетти эл аралык деңгээлде таанытууга салымын кошуп келет.

Институттун тарыхы 1952-жылдан башталат. В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда «Чет тилдер» кафедрасы ачылып, кафедранын биринчи башчысы Т.В. Прищепчик болгон. Ал эми 1955-жылы филология факультетинде «Чет тилдер бөлүмү» ачылган. Бул «Чет тилдер бөлүмүн» 1955–1959-жылдары Б.О. Гешеле жетектеп, 1955-жылдан баштап «Немис тили экинчи чет тили катары» адистиги боюнча студенттерди биринчи жолу кабыл алуу башталган. 1960-жылы республикалык мектептер үчүн биринчи чет тил мугалимдери даярдалган. «Чет тилдер» кафедрасы, В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун бардык факультеттерин тейлеген. Ал эми 1968-жылы кафедра англис тили жана немис тили болуп эки бөлүмгө бөлүнгөн.

1980-жылдан баштап англис жана немис тилдери боюнча мугалимдерди даярдоо башталат. Ошол замандын күчтүү, көрүнүктүү мугалимдери, атап айтсак: С.И.Абдрахманова, Т.С.Сатаров, Н.Г.Позднякова, К.Осмонакунова, Ф.И.Юсупов, К.Б.Бектенова, Н.Клопатович, Н.Д.Турдукеева, В.К.Мүлкүбатова, А.Жолдошбеков, Ш.К.Кадырова, Л.Т.Абдулдабекова, А.Б.Асылова ж.б. англис жана немис тилдери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо баа жеткис салым кошушкан.

Чет тилдер жана компьютердик
лингвистика институтунун директору
Нуржан САРТБЕКОВА

ЗАМАНБАП ИЛИМИЙ-ОКУУ КОМПЛЕКСИ

«Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту», Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар факультетинин (жетекчиси Ж.М.Молдобаев), Европалык цивилизациялар факультетинин (жетекчиси профессор М.А.Ногаев), Дүйнөлүк тилдер институтунун (жетекчиси филология илимдеринин кандидаты, доцент С.А.Мусаева), Гуманитардык билим, Мамлекеттик тил жана маданият институттарынын айрым адистиктеринин базасында «Лингвистика» институту болуп 2006-жылы түзүлгөн. 2019-жылы Манас таануу институту «Лингвистика» институтуна кошулуп, Окумуштуулар кеңешинин чечими жана И. Арабаев атындагы КМУнун ректорунун буйругу менен «Лингвистика» институту «Манас таануу жана лингвистика» институту болуп өзгөртүлгөн. 2022-жылы замандын талабына жараша «Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту» болуп аталышы өзгөрүлгөн.

Учурда, 2021-жылдан бери «Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтун», В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун чет тилдер факультетинин англис тил бөлүмүн 1985-жылдагы биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн бири, педагогика илиминин доктору, профессор Сартбекова Нуржан Коодоевна жетектейт.

Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту заманбап илимий окуу комплекси болуп саналат. Анда миңден ашык студент жана магистранттар окушат. Аларга 70тен ашуун жогорку квалификациялуу окутуучулар сабак беришет. Учурда институтта илимдин докторлору, профессорлор: Ш.К.Кадырова, Н.К.Сартбекова, Ч.С.Тулеева, Ч.К.Найманова, С.З.Садыкова, илимдин кандидаттары, доценттер: С.А.Мусаева, К.А.Абышева, Ч.Т.Абдраева, Г.М.Айдыралиева, Г.О. Ибраимова, Азизбек уулу Бакыт, ошондой эле доценттер: Т.Ш.Исраилова, Р.Ш.Мусабаева, Д.М.Дайырбекова, Ж.И.Мадраимова, Н.К.Давлеталиева, Г.И.Ибраева ж.б. кесипкөй мугалимдер эмгектенишет.

КАНЧА ТИЛ БИЛСЕҢ, ОШОНЧО ДИЛ БИЛЕСИҢ

Институттун бүтүрүүчүлөрү лингвистикалык борборлордо, мектептерде, колледждерде жана жогорку окуу жайларда өз кесиптерин сүйүп, кызыгуу менен эмгектенишет. Алардын басымдуу бөлүгү эл аралык байланыштарды түзүү, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү, келишимдерди түзүү, чет элдик иш сапарларын уюштуруу, кызматкерлерди чет өлкөгө билимин жогорулатууга жөнөтүү үчүн чет тилдерин билүү талап кылынган уюмдарда, ошондой эле, дүйнө жүзүнүн төрт бурчунда зор ийгиликтерди жаратышууда.

Институттун илимий изилдөөгө өзгөчө кызыгуусун жана жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн бүтүрүүчүлөрү магистратурада же аспирантурада окуусун улантышат. Окууга тапшырган студенттердин көп бөлүгү алыскы айылдардан келип, мугалимдер жамаатынын талыкпаган эмгегинин, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүнүн аркасы менен дүйнөлүк англис, немис, орус, кытай тилдеринде билим алышат. Ошондуктан институттун айыл жаштарына жогорку деңгээлде билим, тарбия берүүгө квалификациясын жогорулатууга, илим изилдөө иштери менен алектенишине кошкон салымы абдан чоң.

Азыркы күндө залкар инсан, кыргыздын биринчи агартуучу-илимпозу И.Арабаевдин мурасын аркалаган Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек жамааты агартуунун, билим берүүнүн асабасын бийик көтөрүп, мекен алдында, эл алдында өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жатат. Алгалай бер, билим канасы, билим бешиги!

Педагогика илиминин доктору, профессор
Н.К.САРТБЕКОВА Улук окутуучу С.С.КАДЫРОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!