"Эркин-Тоо"

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди

Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов туристтик сезон маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында ЖКККББнын, Чүй облустук ИИББи жана Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн даярдыгын текшерди.

Текшерүү учурунда Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн өздүк курамына туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарынын санын азайтуу, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кызматкерлердин кызмат өтөө даярдыгына, алардын кызматтык документтеринин, күбөлүктөрүнүн жана төш белгилеринин, сырткы көрүнүшүнө, райондун жана облустун аймагындагы ыкчам абалды билүүсүнө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, «Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата» багыты боюнча ылдамдыкты одоно бузган айдоочулар аныкталып, ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов жеке өзү жол кыймылынын эрежелерин бузууга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Октябрь Урмамбетов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилерине жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жайкы туристтик сезон учурунда жол кырсыктарын азайтуу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле кызматкерлерге күн сайын жол кыймылынын катышуучулары арасында жол эрежесин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жол эрежелерин одоно бузгандарга, анын ичинде мас абалында транспорт каражаттарын башкаргандарга карата катуу чараларды көрүү милдетин койду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!