"Эркин-Тоо"

Ички иштер министрлигинде Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 3-мартта Ички иштер министрлигинде Мамлекеттик туунун 31 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын гимнинин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Ага ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, легендарлуу парламенттин депутаты, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, борбордук аппараттын бардык кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө белгилегендей, ИИМдин жетекчилиги менен бирге жалпы өздүк курам салтанаттуу саптык тизилүүгө туруп, Мамлекеттик гимнди ырдап, өлкөбүздүн бийик символу болгон Мамлекеттик тууну желбиретип көтөрүп, анын 31 жылдыгын белгилешти.

“Бул даталуу күн, эли-жерин, мекенин жан дилинен сүйгөн бардык кыргызстандыктар, анын ичинде ички иштер органдарынын ар бир кызматкери үчүн абдан маанилүү. Андыктан, баарыңыздарды Мамлекеттик туу күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бүгүнкү күндө биздин жалпы милдетибиз-өсүп келе жаткан муундарды мамлекеттик символдорго аяр мамиле жасоого, өз мекенине болгон урмат-сыйга жана сүйүү сезимине тарбиялоо. Анткени, алар биздин берген тарбиябыз, көрсөткөн үлгүбүз менен өз өлкөсүнүн татыктуу атуулдары болуп өсүп, мекенине, кыргыз туусуна болгон сүйүүнү жана берилгендикти өз иштери менен далилдегендей болушу керек.

Айтайын дегеним, мамлекетибиздин биримдигин, элинин улуулугун даңазалаган мамлекеттик тууну бекем кармап, адамдардын коопсуздугун камсыздап, коом алдындагы милдетин так аткаруу ар бир милиционердин ыйык милдети. Аталардын бизге калтырган улуу мурасын аздектеп сактап, туу астында бирге болуп, ар бирибиз кыргыз мамлекетине таза жана адилет кызмат өтөшүбүз керек.
Дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен бардыгыңыздарды чын дилимден куттуктаймын! Өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук, үйүңүздөрдө ар дайым береке жана ынтымак болсун. Бардык ой-максаттар ишке ашсын. Майрамыңыздар кут болсун!”-деди куттуктоо сөздүндө Октябрь Урмамбетов.

Эгемен өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан туубуз мындан 31 жыл мурда, 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын авторлору Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдор болгон.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусундагы кырк нуру тегиз чачыраткан күн-жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Ал эми түндүк-адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөн тарыхтын, бекем биримдиктин символу. Ошентип кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелеп турат.
Туунун кызыл түсү- кубаттуулук менен кайраттуулукту билдирсе, жаркыраган күн- түбөлүк менен өмүрдү билдирип, түндүгү- ынтымакты, биримдикти чагылдырып турат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!