Билеттер 3300 сомго чейин сатылат
«Манас» эл аралык аэропорту жаңы Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы жакын арада ички каттамдарды аткара баштай тургандыгын жар салган. Эгер каттамдар аткарыла баштаса
Бишкек — Ош — 3300 сом;
Бишкек — Жалал-Абад — 3100;
Бишкек — Талас — 2100;
Бишкек — Баткен — 3300;
Бишкек — Раззаков — 3300;
Бишкек — Казарман — 3100 сом болоору да айтылды.
Компания Каракол менен Нарынга учактар кышка чукул каттай турганын айтып, азырынча бул жактарга билет акысы каралып жатканын белгиледи.