Мына ушул собол коомчулуктун алдында кырынан турган чагы. Акчаны маанилүү дегендер арбын болушу мүмкүн, арийне, айлык акы көбөйүп жатат, жумушчу орундары түзүлүүдө, бирок, өлкөнү таштап чыгып жаткан жаштардын агымы токтогон жок. Келечекке болгон ишеним аз. Алар бакытты башка жактан тапкысы келет. Айтор, акчанын артынан кууган замандын өкүмү жүрүп жатат. Бул баягы Акаевдин учурундагы “Эптеп жаныңды бак, төрт тарабың кыбыла” деген идеологиясынын жемиши. Өз бийлигине өгөй болгон эл жумуш издеп туш тарапка чачырап, комерсантка айланганы ушундан. Учурунда АКШны негиздөөчүлөрдүн бири жана көз карандысыздык Декларациясынын автору Томас Джефферсон “коммерсанттын мекени болбойт” деп айткан сөзү бар. Анткени, коммерсанттар акча агылган жакка ооп кете беришет. Кыргызстанда азыр деле миграциялык процесс күчүндө. Бирок, Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Президенттик такка отургандан кийинки эң алгачкы убадасы чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибизди Ата журтуна кайтарып келүү болгон. Албетте, мындай шартта күчтүү идеологиялык саясат гна ички миграциялык толкунду токтотууга кудурети жетет деп ойлоймун. Себеби, кайсыл жеде болбосун мамлекет үчүн акчага караганда идеология маанилүү экени талашсыз.
Идеология – мамлекеттин мээси. Мээ иштебесе барар жолуңду таппай, дендароо болоруң турган иш. Кыргызстанда калыптанган идеология барбы? Жок. Демек, өлкөнүн жол таппай карайлап, туңгуюкка кептелгени ошол. Акыркы он жылдын ичинде партиялардын башкаруу идеологиясын башыбыздан кечирдик. Партиялардын жылма, акчага сатылган, “өз көмөчүнө күл тарткан” кошоматчыл саясатын дагы көрдүк. Ар бир мамлекеттик мекемелерди менчиктеп алганы эсибизде. Анын дагы негизги саясий багыты – казынны тоноо, «майлуу» кызматтарга өз адамдарын отургузуу. Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы саясий «биржага» айланды. Мына партиялык идеологиянын туу чокусу. Көрсө, бир дагы партиянын идеологиялык багыты биздин менталитетибизге төп келбейт экен. Партиялар башкарган парламенттик өлкөнү курууга ал эрте экенин түшүндүк. Бул бир. Экинчиден, Кыргызстан чет өлкөнүн дил бузар, улуттун уңгусунан ажыратар ар кандай диний, секталык, экстремисттик көз карашты таңуулаган коом пайда болгону жалганбы? Азыр мыйзамсыз иш жүргүзгөн диний мектептер аймактарда эле эмес, керек болсо баш калаабызда күн санап табылууда. Аскар Акаев бир учурда “Голландия жоогазындардын өлкөсү болсо, Кыргызстан НПОлордун өлкөсү” деп жар салып, дүйнөгө демократ Президент болуп көрүнгүсү келчү. Өкмөттүк эмес уюмдардын баары эле “Кыргызстан өсүп-өнүксүн” деген тилекте келбегенин мезгил ырастап жатат. Азыркы бийликтин тушунда чет элдик агенттердин каржысын жана максаттарын көзөмөлдөө үчүн бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынар замат айрым фонддор өлкөдөн чыгып кетишти. Бул эмнени каңкуулайт?..
Ошол эле Сорос фондун аллы. Аталган фонд 1993-жылдан бери өлкө боюнча жалпы суммасы 50 миллион доллардан ашык 180 ири программаны уюштуруптур. Бир топ иш-чараларды колго алып, калктын билим берүү тармагына дагы колдоо көрсөтүп келгендей болгон. Бирок, айрым маалыматтарга караганда фонд тарабынан чыгарылган окуу китептеринде тарых өтө бир жактуу чагылдырылган фактылары көп экенин маалымат каражаттары белгилешүүдө. 2000-жылдары өлкөнүн түштүгүндөгү өзбек тилиндеги мектеп окуучулары Сорос фонду чыгарган китептер менен окутулуп, алардын өлкөсү Кыргызстан эмес, Өзбекстан, Президенти Ислам Каримов деген ойго жетелеген маалыматка толгону дагы чындык. Мындай тымызын кайраштыруу саясаты башка улуттун тилдеринде чыккан гезиттерден дагы жолуктурууга болорун айтышууда. Керек болсо кыргыз үчүн кол тийгис болгон «Манас» эпосун ачыктан-ачык бурмалаган топ чыкты. Бул деген өлкөбүз үчүн идеологиялык диверсияга тете иш деп баалаган айрым мекенчил окумуштуу-журналисттер С.Алахан, К.Абакиров, О.Сооронов, А.Медетов, Э.Нурушев, Т.Чоротегин жана башкалар ачыктан-ачык каршы болушкан. Тилекке каршы, аш-тойлордо, чиновниктин мааракелеринде оозунан «бал тамган» чабал, коркок интеллигенция өкүлдөрү кыргыздын баалуулуктарын сактап калууда коңулдан чыккысы келбегени өкүндүрөт. Кыргызды сактап калган Манасты сактап калууга болгон бирин-экин окумуштууларды айтпаганда, жалпы интеллигенциянын кайдыгерлиги коомдун айыккыс оорусуна айланды. Улуттун жүзүн, баалуулуктарын кастарлаган журт башчыларынын ушул өңүттөн алып караганда сабатсыздыгы, тоң моюндугу зээнди кейитип турат. Кечээ жакында эле өлкөбүздүн идеологиялык саясатын аныктаган жетекчиликтин колдоосу менен жарыкка чыккан “Манастан алган беш китеп” аталышындагы китептин сыясы кургай электе бул китепти тарыхты бурмалоо дешти тарыхчылар. Ал тургай, сот тарабынан экстремисттик китеп деп таанылып, аны пропагандалоого жана таратууга тыюу салган “Айкөл Манас” ктебине шилтеме берип, кайрадан улуттук баалуулуктарга кол салган чыгармачылыкты эмне кылуу керек?
Айтор айта берсе, сөз көп. Кыргыз өлкөсүнүн атам замандан бери келе жаткан каада-салтына, насыятына жуурулушкан идеология үстөмдүк кылмайынча өз жолубузду таба албай карайлай берерибиз турган иш. Дүйнө коомчулугу өзүн-өзү табуунун далалатында. Акча табылат, бирок адамзатты бактылуу жолго үндөгөн идеология андан дагы кымбат экенин унутпайлы.
Шекербек Калыков