Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган камералар 1-октябрдан тартып унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү аныктап баштаган. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, бир жума ичинде эле 400 миңден ашуун эрежени бузуу фактысы катталды.
Мекеме айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү өз өмүрүнүн коопсуздугу үчүн унаага отурганда сөзсүз коопсуздук курун тагынууга жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.