Ички иштер министрлиги блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулук көргөнүн айтканына байланыштуу 26-декабрда билдирүү таратты.
ИИМ блогер буга чейинки соттук отурумдарда зордуктоо жөнүндө айтпаганын белгилеп, анын соңку сөздөрүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу аракети” катары сыпаттады.
“Батма Жолболдуева аттуу жаран Фейсбук социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында түз эфирде кайрылуу жасап, Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында камакта олтурган убакытта зордук көргөнүн айтып чыккан. Кайрылуу учурунда көзүнө жаш алып, элдин назарын буруу аракетин жасады. Батма Жолболдуева учурда айтып жаткан 2022-жылы Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүсүн ал тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес. Анын “милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм” деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.