"Эркин-Тоо"

ИИМ: Бишкекте жарандарды опузалап акча алып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.

Ведомстводон билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаарынын тургуну акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча ички иштер органдарына арыз менен кайрылган.

Белгиленгендей, өткөн жылдын жаз айларынан бери мыйзамсыз аракеттер менен алектенген айрым адамдар дээрлик бир жылдан бери системалуу түрдө акча талап кылып келген. Маалым болгондой, алар буга чейин бир топ суммадагы акча каражатын алып кетишкен. Опузалап акча талап кылгандар келген сайын кандайдыр-бир криминалдык чөйрөнүн башчыларынын атынан келип жатканын айтып турушкан.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш ишинин алкагындаИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча УКККБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

2023-жылдын 6-мартында Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын иш-чара жүргүзүлгөн. Бул жолу кол салгандар 100 миң сом талап кылышкан. Кылмыштуу топтун алты катышуучусу опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалышкан. Аларды тинтүү учурунда мурда белгиленген 40 миң сом өлчөмүндөгү каражат табылып, далил зат катары алынган.

«Кармалган 6 жарандын өздүгү такталып, алардын көбү мурда кылмыштуу чөйрөгө аралашкан адамдар экени аныкталган. Арасында мурда соттолгондор, бир нече жыл мурда уюшкан кылмыштуулуктун субьектиси катары кармалып, опузалап талап кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар да бар», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, опузалап талап кылган кылмыштуу топтун катышуучуларынын арасында Ысык-Көл облусунда туулган, мурда соттолгон жана мекендештеринен (эмгек мигранттарынан) акча талап кылган деген айып менен Россияда жазасын өтөп келген жаран да бар.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!