Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды Бостериде каза болгон жигиттин өлүмү боюнча социалдык тармактардагы такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.
Ысык-Көл “6-августта «Золотые пески» пансионатында Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун каза болгон. Бул окуяга байланыштуу бир катар чындыка дал келбеген маалыматтар таратылууда. Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары өздөрүнүн баракчаларында көл жээгиндеги мушташтын видеосун таратып, аны Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү менен байланыштуу деп ишендиришүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Экспертизанын чыгарган жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат” деп билдирген.
Эскерте кетсек, буга чейин каза болгон жигиттин агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.
Ошондой эле анын өлүмү боюнча ишти Президент жеке көзөмөлүнө алганы, укук коргоо органдарына объективдүү иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы кабарланган.