"Эркин-Тоо"

ИИМ: Ден соолукка оор залал келтирген жаран кармалды

2023-жылдын 6-январь күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Чолпон-Ата шаарынан белгисиз адамдар сабап кеткен 35 жаштагы жаран жеткирилген.

Жабырлануучунун туугандары арыз менен милицияга кайрылып, бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп, күнөөкөрлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышкан.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 12-пункту (Бейбаштык максатта ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Ысык-Көл районунун тургуну 1989-жылы туулган Н.С. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Камчы Асанбектин (Кольбаев) жакын адамдарынын бири.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун токтому менен аны эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!