"Эркин-Тоо"

ИИМ: Элчи жоготкон документтери менен баалуу буюмдарын таап берген милиция кызматкерине ыраазычылык билдирди

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун дарегине ыраазычылык кат келген. Катта милиция кызматкерлеринин өз иштерине жоопкерчиликтүү жана абийирдүү мамиле кылгандыгы сый-урматка жана суктанууга татыганы белгиленген.
Элчи рангындагы жогорку дипломатиялык кызматкер, 2022-жылдын декабрь айында “Манас” эл аралык аэропортунда түрк авиакаттамынын рейсинде учуу үчүн күтүү залында жүргөн учурунда барсеткасын түшүрүп алган. Барсеткасында паспорту (ID-карта) жана баалуу буюмдары болгон.
Каттын автору бул окуядан кийин, укук коргоо органдарына кайрылууну чечкен. Бирок эки күн өткөндөн кийин аны менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кабылдамасы аркылуу Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын “Манас” аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнүн инспектору байланышкан.
Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын аба транспортундагы бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнүн инспектору милициянын майору Б. Жеентороев дипломатка чалып, жогорудагы жоголгон барсетка табылганын билдирген. Андан соң милиция кызматкери Б. Жеентороев барсетканы ичиндеги паспорту жана баалуу буюмдары менен кошо анын туугандарына тапшырып берген.
Каттын ээси милициянын майору Б. Жеентороевге жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын “Манас” аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмүнүн өздүк курамына терең ыраазычылыгын билдирген. Андан сырткары катта милиция кызматкерин профессионалдуулугу жана жогорку моралдык сапаттары үчүн сыйлоо мүмкүнчүлүгүн кароосун суранган.
Ошондой эле, учурду пайдаланып, ички иштер министри Улан Ниязбековду жана бардык милиция кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктап, бардыгына бекем ден-соолук, күч-кубат жана ийгиликтерди каалаган.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!