"Эркин-Тоо"

ИИМ кылмыштуу топторду каржылаган ишкерлер, саясатчылар бар экенин билдирди

Бүгүн, 16-январда “Кабар” агенттигинде “ИИМдин ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттик багыт: уюшкан кылмыштуулукка каршы аёсуз күрөш жүргүзүү” деген темада маалымат жыйын өткөрүлдү.

Ага ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Оролбек Акпаров жана ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Альтаир Исмаилов катышты.

Маалымат жыйында ИИМдин учурдагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар берилип, ички иштер министринин орун басары Абдиев төмөндөгүлөргө токтолду.

“2022-жылдын 12 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыш фактылары боюнча  уюшкан кылмыштуу топтун 153 субъектилери кармалып, кылмыш жообуна тартылууда. ИИМдин атайын ыкчам каттоосуна ылайык республика боюнча жалпы саны – 1199 субъектини түзөт.

2022-жылдын 12 айынын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган курал-жарактар-12, анын ичинен тапанча “ПМ-9мм”- 6 даана, “Калашников” автоматы -2 даана, травматикалык тапанча-4 даана алынган. Бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) менен 2 кылмыш иши козголуп, азыркы күндө тергөө амалдары жүрүүдө.

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кылмыштуу чөйрөдө өз ара тирешүү болуп, анын натыйжасында коомго резонанс жараткан окуялар тыкыр иликтенүүдө.

Ички иштер министрлигинде айрым жеке ишкерлер жана кээ бир саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, ишкердик менен чогуу алектенет деген маалыматтар бар. Биз бул багытта да иш жүргүзүп жатабыз.

Ошондуктан, ушул багытта ИИМ тарабынан текшерүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, каржылык жактан колдоо көрсөткөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы эскертертемин”,- деди министрдин орун басары Нурбек Абдиев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!