"Эркин-Тоо"

ИИМ: Кызматкерлерден пара алууга шектелген жетекчилер камакка алынды

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүндөгү мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу ыкчам маалыматтар түшкөндүгүнө байланыштуу атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Текшерүү жана иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ИИМдин Күзѳт кызматынын Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги милициянын майору Н.С. жана күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги С.Т. экѳѳ ѳздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акчаларын алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыкташып беришкен.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергѳѳ кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен (пара алуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда Таш-Кѳмүр шаардык Күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги Н.С. жана Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, ИИМдин Тергѳѳ кызматына жеткирилген. Алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергѳѳ кызматы жүргүзөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!