"Эркин-Тоо"

ИИМ: Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

2023-жылдын 15-май күнү Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында ички иштер органдарында кызмат өтөп, кызматтык милдеттерин тайманбастык менен аткаруу учурунда баатырларча курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленди.
ИИМдин имаратында өткөн эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты.

Эскерүү иш-чарасы кызмат учурунда курман болгондорго арналган мемориалга гүл чамбарларды коюу жана бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң иш-чарага чакырылган кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына жана туугандарына Адылбек Бийбосунов кѳңүл айтып, сѳз сүйлѳдү. Анда Адылбек Бийбосунов бүгүн өтүп жаткан иш-чаранын максатына токтолуп, кылмыштуулук менен аёсуз күрөшүп, коомдук тартипти камсыздап жатып кызмат учурунда эрдик менен курман болгон кызматкерлердин жана ички аскерлердин жоокерлеринин жаркын элестерин эскерүү үчүн чогулгандарын баса белгилеп өттү.

“Даңк” мемориалы — бул кызмат учурунда көз жумган кызматкерлердин жаркын элестерин урматтоо, эр жүрөктүктүн, мекенчилдиктин жана Ата-Мекенге болгон сүйүүнүн символу, муну эстен чыгарбоо менен эскерип туруу жана келечек муундарга бул элести өткөрүп берүү биздин милдетибиз.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары даңазалуу күжүрмөн каада-салтты бекем кармап, муундан муунга калтырып, ар-намыс жана кадыр-барк менен республикабыздын кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарып келишет.

Жүздөгөн милиция кызматкерлери жана ички аскерлеринин жоокерлери кылмыштуулукка жана кылмышкерлерге каршы аёсуз күрөштө бычактын мизи менен басышып, атылган окко тике карап, жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун сактап калууда эрдик көрсөтүшүп, жаркын келечек үчүн, бейпил жашоо үчүн өз өмүрлөрүн аябай курман болушту.

Биздин аталарыбыздын, агаларыбыздын эрдиги тарых болуп, келечек муундар үчүн үлгү болду жана алардын эр жүрөк тайманбастыгы кыргыз милициясынын тарыхында түбөлүк орун алды.
Кыргыз милициясынын ар бир муунунун өз милдеттери болгон, көптөгөн өзгөрүүлөр болгон, бирок негизги максаты өзгөрүүсүз калган, ал — коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөштүн башатында туруу парзы жана милдети эле.
Өз өмүрүн аябастан, Мекен алдындагы милдетине берилген бойдон калган милиция кызматкерлеринин эрдиги биздин эсибизде ар дайым сакталып калат. Алардын ысымдары биздин өлкөнүн тарыхында түбөлүккө жазылып кала берет.
Баатырлар Сиздерге таазим кылабыз жана Сиздер жараткан эрдиктерди эч качан унутпай, келечек муундарга айта жүрүү биздин милдет. Ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин кызматкерлери жарандардын коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн, коомдук тартип үчүн өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, баатырларча курман болушту. Биз аларды эч качан унутпайбыз”,-деди Адылбек Бийбосунов эскерүү сөзүндө.
Белгилей кетсек, 1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер органдарынын 87 кызматкери, ал эми 1991-жылдан ушул күнгө чейин 63 кызматкер, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы 150 кызматкери кызмат учурунда курман болушкан.
Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү, анын коомдук тартипти сактоодогу кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү мамлекеттик программаларынын ишке ашышында милиция кызматы эң орчундуу ролду ойноду.
Милиция кызматкерлери жана ички аскерлеринин жоокерлери оор мезгилде артка чегинбей, акырына чейин милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып, жарандарды, мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана бейпилдикти сактап калуу үчүн жанын беришти.

Бүгүн республика боюнча ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө дагы кызматтык учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар туугандарынын катышуусунда өтүп, алардын мемориалдарына гүл чамбарлар коюлууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!