"Эркин-Тоо"

ИИМ: Министрдин орун басарлары Лейлек районунда коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө

Министрдин орун басарлары Лейлек районунда коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Лейлек районундагы коомдук тартиптин камсыздалышын көзөмөлдөө менен, Ички иштер органдарынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин ишин координациялап жатышат.

Андан сырткары, жетекчилик милиция кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун, ыкчам жана күжүрмөн кызматтык ишмердүүлүктөрүн текшеришти. Өздүк курам менен жолугушуу учурунда ИИМдин жетекчилиги тарабынан милиция күчтөрүнүн коомдук тартипти сактоодогу орду, аларга кошумча тапшырмалар берилип жаткандыгы баса белгиленди. Милиция кызматкерлеринин алдына эл арасында укук бузууларга, чагымчыл аракеттерге жол бербөө, туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, үйлөрүнө көчүп жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо тууралуу бир катар тапшырмалар берилди.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!