"Эркин-Тоо"
Коом

ИИМ: Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда

Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө. Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Бул иш боюнча ИИМдин, Бишкек ШИИББнин, Чүй ОИИББнин жана Октябрь РИИБнин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү менен ыкчам кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам-тергөө тобу зарыл болгон тергөө иш-чараларын жана издөө иш-чаралары жүргүзүүдө. Ошондой эле мүмкүн болгон күбөлөрдү суракка алууда.

Учурда Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоого багытталган бардык керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.