"Эркин-Тоо"

ИИМ: Ош шаарынын жашоочусунан 2 килограммга жакын гашиш алынды

2023-жылдын 14-февраль күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Ирбис” аттуу кызматтык итти колдонуу менен жүргүзүшкөн ыкчам тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Ош шаарынын жашоочусу 1987-жылы туулган К.Д. (аял киши) үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн.
Тинтүү учурунда үйдөгү эмеректен кара баштыкка салынган 4 таңгактагы өзгөчө жыты бар баңгизат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул алынган зат 1 килограмм 904 грамм салмактагы афган түспөлүндөгү “Гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!