"Эркин-Тоо"

ИИМ: Сак жүргөн кор болбойт. Жаштардын диний радикалдашуусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

2022-2026-жылдар ичинде мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында Ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жогорку окуу жайларда, диний окуу борборлорунда жана медреселерде окушкан студенттер, тарбиялануучулар менен жолугушуулар уюштурулууда. Бул иш-чаралардын максаты Кыргызстандын келечеги болгон жаштардын радикалдашып кетүүсүн алдын алуу, алардын арасында экстремисттик жана террористтик көрүнүштөргө жол бербөө, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык мамилени чыңдоо. Мындай жолугушууларды ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери өткөрүшүп, “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолушту.

Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Интернет тармактары аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырган үгүт-чакырыктар көп кездешип жатканын белгилешип, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип өтүштү. Андан сырткары, студенттер, тарбиялануучулар тарабынан берилген суроолорго толук кандуу жооптор берилди.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргызстандын бардык облустарында өткөрүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!