"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

ИИМ: Шайлоо күнү коомдук тартип бузуу катталган жок

Кыргызстанда 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда өлкө аймагында коомдук тартип бузуу учурлары катталган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Шайлоо күнү жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана шайлоо участокторунда тартипти сактоо максатында ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барды. Бардык аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоого, шайлоо участокторунун ичинде жана сыртында коопсуздукту көзөмөлдөөгө, жол кыймылынын үзгүлтүксүз болушун уюштурууга жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө тартылды.

ИИМдин маалыматына караганда, милиция кызматкерлери мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыздап, шайлоо процессине тоскоол болууга багытталган аракеттердин алдын алган. Ыкчам штабдардын маалыматына ылайык, добуш берүү мезгилинде өлкө боюнча коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган эмес, абал туруктуу бойдон калган.

Министрлик шайлоо күнү тартип сактаган, сабырдуулук жана жарандык жоопкерчилик көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирип, кызматын ак ниет аткарган милиция кызматкерлерине да өзгөчө ыраазычылык айтты. ИИМ мындан ары да мыйзамга урмат менен мамиле кылууга жана коомдук тартипти сактоого чакырды.