"Эркин-Тоо"
Аймак

ИИМ: “Шумкардын” кызматкерлери Баткендин коомдук коопсуздугун камсыздоодо

ИИМдин маалыматына ылайык, “Шумкар” атайын багытагы полкунун өздүк курамы Баткен облусунда ыкчам кырдаал жаралган күндөн тарта коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо. Баткендин Ак-Сай айылында Бишкек шаарынан барган 1-, 2- батальондорунун жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери күнү-түнү кайгуул кызматын өтөшүүдө. Мындан тышкары жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте полктун кызматкерлери кечки саат 21:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин кызмат өтөп, тартиптин сакталышын көзөмөлдөшүүдө.