"Эркин-Тоо"

ИИМ: Жалал-Абадда адам уурдоого тиешеси бар эки жаран кармалды

2023-жылдын май айында ички иштер органдарына криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ушул жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адамдар жергиликтүү тургунга күч колдонушуп, анын “Лексус” үлгүсүндөгү унаасына салып, ээн жерге алып кетишкен. Шектүүлөр жайытта жабырлануучуну коркутуп, андан акча талап кыла башташкан. Алгач алар 12 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан. Кийинчерээк жабырлануучуну алар өздөрүнүн эсептерине 630 миң рублдан ашык суммадагы каражатты которууга аргасыз кылышкан.
Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү “Адам уурдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жарандар кармалды.

Кармалгандардын бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1986-жылы туулган Э.М. (аты-жөнүн өзгөрткөн К.М.) мурда Россия Федерациясында тоноо жана опузалап талап кылуу фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Кармалган экинчи жаран Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б. мурда бир нече жолу соттолгон, Кыргызстанда жана Россияда мал уурулук, каракчылык, опузалап талап кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен аталган жарандарга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда. Ички иштер министрлиги бизнести коргоо жана ишкерлер алардын ишмердүүлүгү корголгондугун сезиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн коопсуздугун, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмышкерлерден коргоо маселелеринде укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуусу керек.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!