«Эгерде сиз мурда паспортуңуздун же ID-картаңыздын жоголгондугун билдирип, бирок кайра таап алган болсоңуз, ал документти эч кандай шартта сапарларга чыгуу үчүн колдонбоңуз. Мындай документ менен чет мамлекеттин аймагына кирүүгө аракет жасаган жаран чек ара кызматы тарабынан кармалып, териштирүү иши аяктаганга чейин камакка алынат. Мындай опурталдуу жагдайга кабылбоо үчүн, паспорттун абалын онлайн режимде текшерип алуу зарыл. Ал үчүн www.portal.srs.kg сайтында паспорттун номерин көрсөтүп, PIN кодду (паспортуңуздагы 14 орундуу сан) киргизүү жетиштүү», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
КР ИИМдин маалыматына ылайык, жараксыз (жоголгон же уурдалган) эл аралык паспорттор жана ID-карталар тууралуу толук маалыматтар Кыргыз Республикасындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросунда катталып, Интерполдун бардык мүчө өлкөлөрүнө жөнөтүлүп турат.