Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймактарында экстремизмге жана терроризмге каршы
аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында, «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аталышындагы семинар болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Семинарда жергиликтүү калкка “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, «Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмдин жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу боборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамалар, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди. Мындан тышкары усулдук буклеттер, эстертмелер таратылды.
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/42147b93-1f4e-4b37-acf7-8c551da05cfa.jpg?v=1631592822″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=20043″ class=»wp-image-20043″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/24c69f9b-dde7-41de-a33c-460897bd7fa1.jpg?v=1631592825″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=20044″ class=»wp-image-20044″ />