Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан баштап 11-июнуна чейин Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында тандап алуу боюнча чоңдор, өспүрүмдөр жана кыздар арасында “Азия жана Океания 2023” Самбо боюнча чемпионаты болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7705 аскер бөлүгүнүн спорттук-машыгуу борборунун спорттун нускоочу-улук спортчусу прапорщик Асылбек уулу Жамалбек аталган спорттук мелдеште катышып, 88 кг салмак категориясында 1-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, прапорщик Асылбек уулу Жамалбек 2023-жылы Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда шаарында өтүүчү Дүйнөлүк күжүрмөн өнөрү оюндарына жолдомого ээ болду.
ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы