2023-жылдын 31-июлунда ИИМдин Күзөт кызматынын жыйындар залында ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамын руханий жактан тарбиялоого кошкон зор салымдары үчүн “Бакдөөлөт” фондунун бир катар мүчөлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, бул фонддун өкүлдөрү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене-тарбиясы жөнүндө” жарлыгын жана ИИМдин коллегиясынын чечиминин талаптарын аткаруу максатында өздүк курамга “Бакдөөлөт” коомдук фондунун мүчөлөрү тарабынан “Атуулдук милдет”, “Улуттун уулу болуу”, “Мамиленин жашоодогу орду”, “Кут. Кутту уютуу жана демдин күчү. Улуттун деми” деген аталыштагы бир нече лекцияларды өткөрүшкөн.
Бүгүн, бул иш-чараларды аймактарда да өткөрүүнү ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов колго алып, “Бакдөөлөт” коомдук фонду менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы күзөт кызматынын кызматкерлерине уюштурулат.
Белгилей кетсек, жогорудагы лекциялар өлкө башчысынын жарлыктарынын, ИИМдин коллегиясынын чечимдеринин талаптарын аткаруу максатында уюштурулуп жатат.