"Эркин-Тоо"

ИИМдин Күзөт кызматында финансы-чарба жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ишмердүүлүк талкууланды

2023-жылдын 12-май күнү ИИМдин Күзөт кызматында Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан берилген тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу максатында финансы-чарба жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу боюнча ыкчам кеңешме өттү. Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын начальнигинин орун басарлары, борбордук аппараттын башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, ведомстволук милиция полкунун командири, Түштүк башкармалыгынын, Бишкек шаарынын түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары жана Күзөт кызматынын финансы-чарба боюнча кызматкерлери катышты. Анда ИИМдин түзүм бөлүмдөрүнүн финансы-чарба ишмердүүлүгү каралып, аны жакшыртуу боюнча маселелери талкууланды.

Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов бөлүмдөрдүн жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистердин билим деңгээлин жакшыртуу, окутууларды жүргүзүү жана санарип багытында иштөө боюнча Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгына, Ысык-Көл облусунун түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине тапшырмаларын койду.

Ошондой эле, ыкчам кеңешмеде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзам чегинде иш алып баруу, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча талабы коюлду. Өз кезегинде түзүм бөлүмдөрүнүн финансы-чарба кызматкерлери аймактарда болуп жаткан көйгөйлөрүн айтып, аны чечүү жолдорун жетекчилик менен талкуулашты.

Республиканын бардык аймагынан келген Күзөт кызматынын эсеп-кысап бөлүмдөрүнүн адистери мындай масштабдуу алардын жыйыны биринчи жолу өтүп жаткандыгын белгилешти. Аталган иш-чара Күзөт кызматынын жетекчилик курамынын демилгеси менен өттү.

ИИМдин Күзөт кызматынын
Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!