"Эркин-Тоо"

ИИМдин кызматкерлери мектеп окуучулары арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурушту

Бүгүн, ИИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун футбол аянтчасында Бишкек шаарынын мектептеринин окуучуларынын арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Кичи турнир ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулду.
Иш-чаранын максаты – келечек муунду спортко тартуу, дени сак жашоого үндөө жана балдар арасындагы көзөмөлсүздүктү жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, болтурбоо.
Турнирге Бишкек шаарындагы орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынан турган 8 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгында командалар кубок, Ардак грамота жана ар кандай белектер менен сыйланышты.
Орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1-орунду жана турнирдин жеңүүчүсү наамын Биринчи май районунун №81 мектеп команда, 2-орунду команда Октябрь районунун №73 мектеп, Ленин районунун №77 мектеп командасы 3-орунду ээледи.
Иш-чаранын соңунда милиция кызматкерлери балдарга чай уюштурушту.
Белгилей кетсек, мындай мелдештер учурда республика боюнча өткөрүлүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!