КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 2022-жылы азиялык жана дүйнөлүк, Ислам шериктештик оюндары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында жана башка мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылган спортчуларды сыйлады.
Жалпы 52 спортчу, 11 машыктыруучуга облустагы спорт тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Ардак грамоталар жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сом акча каражаты тапшырылды.
А.Сыргабаев Жалал-Абадда жылдан жылга спортко кызыккан жаштардын катары калыңдап баратканын, ошол эле учурда ар түрдүү мелдештерге катышып, ийгилик жаратып келе жатканын белгиледи. Спортчулардын жетишкендиктерине машыктыруучулардын жана ата-энелеринин да салымы чоң экенин айтып, ыраазычылык билдирди.
Бактыгүл Кулатаева