Эл өкүлү Тазабек Икрамов жемкорлордун колу-бутун кесүүнү сунуштап чыкты. Эрксизден жылмаясың да. Ал мамлекеттик кызматкерлер жемкорлук менен кармалса да айып пулун төлөп, кайра эле кызматка келип жатканына нааразы болду. Оригиналдуу идея ээсинин сунушун сөзмө-сөз келтирелиби? “Кээ бир коррупционерлер 100 миң доллар же башка менен кармалгандар бүгүн акыл үйрөтүүдө. Соцтармак аркылуу депутаттарга да сын таккан ушундай бир акмактар болуп жатат. Мамлекеттен уурдагандардын колун кесиш керек, мында да токтобосо бутун кесиш керек. Мамлекет катары буларды токтотушубуз зарыл да” — деди Икрамов. Кокус Тазабек Икрамовдун “өзгөчө” идеясы ишке ашып кетсе укук коргоо органдары менен бийликте отургандардын теңинен көбү бутуколунан ажырап калышпайбы?