Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди. Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча адис. 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон. 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган. 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.