"Эркин-Тоо"

Илимий даража үчүн үстөк жогорулатылды. Кыргызстанда 1,1 миң илимдин доктору жана 5,3 миң илимдин кандидаты бар

Кыргызстанда 1 миң 179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында илимий даража үчүн үстөктөрдү 50%га жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Натыйжада, 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:

– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2 700 сом өлчөмүндө;

– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1 350 сом өлчөмүндө.

Аталган чечим Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында илимий чөйрөнү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин илим докторлоруна – 1 800 сом, илимдин кандидаттарына – 900 сом өлчөмүндө кошумча төлөмдөр белгиленген.

Кыргызстанда 1 миң 179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты аттестациядан өткөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!