"Эркин-Тоо"

Илимпоздор жаандан энергия алуунун жолун табышты

Жамгыр тамчылары терезеге жабышып турат, сырткы жарыктар бүдөмүк көрүнүүдө — түнкү шаарда жаан жаап жатат

Кытайлык окумуштуулар жаан-чачындан электр энергиясын өндүрө алган жаңы технологияны сынактан өткөрүштү. Бул тууралуу independent.co.uk агенттиги кабарлады.

Кытайдын Цинхуа Университетинде иштелип чыккан жаңы түзмөк – трибоэлектрдик наногенератор (TENG) жаан тамчыларынын механикалык энергиясын электр кубатына айлантат. Бул технологиянын буга чейин колдонулган ыкмаларга салыштырмалуу беш эсе натыйжалуу экендиги айтылды.

Сынактын жыйынтыгында генератордун бир нече LED лампаны күйгүзүүгө жетиштүү электр энергиясын өндүрө алары белгилүү болду. Бул ыкма келечекте турак үйлөрдө, көчө чырактарында, ал тургай акылдуу терезелерде да колдонулушу мүмкүн.

«Биз жаандын ар бир тамчысын энергия булагына айландыра алабыз. Бул жашыл энергия тармагындагы чыныгы бурулуш», — дешет долбоордун авторлору.

Адистер мындай система жаан көп жааган аймактар үчүн абдан ыңгайлуу болорун белгилешти.