«KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов курсагынан жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрли билдирди.
Эске сала кетсек, Имамидин Ташов кайрадан өз жанын кыюуга аракет кылгандан кийин ооруканага жеткирилген. Ал СИЗО-1де өз жанына кол салган. Ал тез жардам унаасы менен Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген.
Бүгүн, 17-декабрда саат 14.00дө Биринчи Май райондук сотунда анын иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүшү керек болчу.
Маалыматка ылайык, Имамидин Ташов курсагын айнек менен кесип, жараат алганы айтылды. Жараат теринин жана тери астындагы майдын ичине кирген эмес. Анын абалы канааттандырарлык.