"Эркин-Тоо"

Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү ишкер Имамидин Ташовдун бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-январга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн 22-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, аны Бишкектин тергөө абагында 15-январга чейин кармоо тууралуу чечим 10-ноябрда чыккан.

Эске салсак, Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын, ал Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 27-октябрда маалымдаган болчу.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!