Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу тараткан маалыматка байланыштуу комментарий берди.
Маалыматта Имамидин Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап ден соолугуна залал келтиргени айтылды.
УКМК билдиргендей, 30-октябрда саат 9:00дө убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Имамидин Ташовдун курсагында бычактан алган эки жараат аныкталып, тез жардам келгенге чейин ИИМдин медицина кызматкерлери тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн.
Тез жардам кызматы келгенде Ташовду 4-шаардык ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган. Ошол учурда анын абалы туруктуу деп бааланган.
Ташовдун камералашы ал жанына бир жолу колдонула турган устаранын мизин алып жүргөнүн, ошол менен денесине залал келтиргенин айтып берген.
Атайын кызмат айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп, өз жанын кыюуга атайын даярданганын билдирүүдө.
4-шаардык оорукананын хирургу текшерүү учурунда Ташов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кыйноолор болуп жатканын айткан. УКМК муну четке кагууда.
«Муну УКМКнын СИЗОсунун бардык периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат. Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Имамидин Ташов Улуттук трансплантология борборунун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты» , — деп айтылат маалыматта.