Жыйырманчы кылымдын соңку жылдары, тагырагы 1985-жылы Михаил Сергеевич Горбачев СССРди жетектеп, Баш катчы болуп келгенде СССРдин ар тараптуу кетирген кемчилдиктерин түзөтүү таризиндеги «Кайра куруу» деген ураандын алдында жүргүзүлгөн иш-чара жалпы коомчулуктун эсинде. Ошондо 15 союздук республикалар сыяктуу эле Кыргызстанда да 1920–1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жөнүндө жүрөк ооруткан көйгөйлүү маселе көтөрүлүп, “Эл душманы” деген жалган жарлык менен репрессияга кабылган тарыхый инсандарды эскерүү зыйнаты жолго коюлуп, сөөгү кайда коюлганы белгисиз болгон адамдардын мүрзөлөрү табылган. Ошол кездеги “күнөөсүз күнөөлүүлөрдүн” катарында набыт болгон мамлекеттик жетекчи кызматтагы адамдардан тышкары көптөгөн ар тараптуу таланттуу атуулдар, илимпоздор, акын-жазуучулар, алардын жакындары, анан да көптөгөн бейкүнөө карапайым жарандар болгондугун тарых тастыктап берди. Сталиндик репрессиянын баш сабында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы жетекчиси Иманалы Айдарбеков да болгон. Анын репрессия курмандыгы болушуна жетекчилик тажрыйбасы, мыкты уюштуруучулугу, Пишпек жана Ташкенттин абройлуу окуу жайларынан алган жогорку билими, административдик кызматта иштеп, жаңы тарыхый шарттарда адамдарды башкаруу жөндөмү себеп болгон. Мындай билимдүү, тажрыйбалуу адамдар ал мезгилде Кыргызстанда өтө сейрек кездешкен. Алар көр пендечиликтен келип чыккан көралбастыктын, ички атаандаштыктын курмандыгы болушканын мезгил соту далилдеп келет.
В.И.Ленин жетектеген Большевиктер партиясы бийликке келгенде ал партиянын көпчүлүк мүчөлөрү жөн гана митинг өткөрүп, түшүнүп-түшүнбөй кыйкырып турганга гана жөндөмдүү болушкан. Андагы жетекчи болом дегендердин басымдуу бөлүгү жалпы элди башкаруу, туура багытта саясат жүргүзүү, социалдык-экономикалык жана маданий, руханий өзгөртүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эмес. Алар бийликке келгенде коомду башкарууга татыктуу жетекчилерге болгон таңкыстык кумдуу чөлдө суусуз калганга барабар болгон. Ошондуктан Октябрь социалисттик революциясынын башчысы В.И. Ленин биринчилерден болуп буржуазиялык кесипкөй адистерди социалисттик бийликке тартуу керектигин айтып, алардын тажрыйбасын пайдаланып мамлекетти башкаруунун көз карандысыздыгын камсыздап, революциялык өнүгүүнү жолго коюу маселесин көтөрүп чыккан. XX кылымдын башындагы бул орус революциясы бүтүндөй дүйнө коомчулугун өзгөрткөнү тарыхый чындык. Ал дүйнөдөгү адамзаттын жашоо-турмушуна таасир эткен эң чоң социалдык революциялардын бири болуп, англис, француз, америка революциялары сыяктуу тарыхтан өз ордун тапкан.
XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында дүйнө коомчулугунун басымдуу бөлүгү капитализмдин кулач жаюу процессине, караламан эл менен бийлик төбөлдөрүнүн ортосундагы адилетсиздиктен келип чыккан карама-каршылыктардын күчөшүнө, шаарлар менен айылдардын ортосундагы айырмачылыктардын тереңдеп кетишине, колониялык кыйноолорго, моралдык басмырлоого туш болгон. Ал жалпы адамзатка жашоо-турмушта кандайдыр бир өзгөрүү жолун табууга чакырык таштаган. Бул убакта социалисттик идеялар менен марксизмдин теорияларын окуп, үйрөнгөн адамдардын саны көбөйүп, улуттук боштондукка, адилеттүүлүккө жана өнүгүүгө болгон аракеттер күчөгөн. Революциялык процесстин алкагында, Түркстанда XIX кылымда орус империясынын колониясында калган акыркы аймакта жаңы социалисттик кыймылдын катышуучулары күч алган. Революциялык окуялар коомдук өзгөрүүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп Кыргыз элинин кыртышынан жаңы, күчтүү, билимдүү команда түптөлгөн. Ал командага Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахмановдор өңдүү улуттук лидерлер кирип, кыргыз элинин коомдук-саясий жана маданий жактан өнүгүшүнө чоң таасир беришкен.
Бул адамдар материалдык кызыкчылыктардан оолак туруп, бир идеянын айланасына беригишкен. Саясий-экономикалык жактан өнүккөн Кыргызстанды курууну алдыга максат коюп, Кыргыз элинин кадыр-баркын, эркиндигин калыбына келтирүүнү, анын үмүтүн жана келечегин кайтарууну көздөгөн жаңычыл реформатор интеллигенция жаралган. Алар Кыргыз ССР тарыхы сүрөттөгөн кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн өсүп чыккандар эмес, негизинен белгилүү аскер башчылары, баатырлар, манаптар, бийлер, акындар, акылмандар, болбоду дегенде уруу башчыларынын урпактары болушкан. Иманалы Айдарбеков башында турган Кыргыз интеллигенциясы биринчи жарандык жетекчилер, алардын максаты, идеясы бир болгон. Мурунку муундар сыяктуу жердешчиликке жана уруучулукка берилген эмес. Алар саясий партиялардын мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, Россиянын гимназияларынын, мектептеринин, техникалык окуу жайларынын, жогорку окуу жайларынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү болушкан. Алар жеке адам менен мамлекеттин ортосундагы байланышты түзгөн жаңычыл исламдык реформаторлор — джадиддерден, пантүркисттерден, панисламисттерден тартып либералдарга, социалисттерге жана марксисттерге чейин болгон демократиялык идеяларды окуп үйрөнгөн илим-билимдүү инсандар болгон. Бул көрүнүш дүйнө коомчулугунда болуп жаткан терең өзгөрүү талабына түздөн-түз жооп берген. Кыргыз эли тарабынан дүйнө коомчулугунун талабына ылайык, татыктуу реакция болгон. Анткени ал мезгилде дүйнө коомчулугунда жаңы коомдук мамилелерди, көйгөй жараткан маселелерди чечүүчү саясатчыларды, мамлекеттик жетекчилерди тарбиялоо процесси башталган.
Маселен, Европалык буржуазиялык революциялар жарандардын укуктук абалынын айырмасын жоюп, адамдарга «гражданин» деген кайрылууну киргизип, «тең укуктуу» түшүнүгүн түптөгөн. Мурунку – граф, барон, князь деген кайрылууларды алмаштырган. Ал эми Октябрь революциясы алардан кем калбай саясатка жаңы кайрылууну – «товарищ» деген түшүнүктү киргизген. Бул термин дос-жолдош, өнөктөш же кесиптеш деген маанини билдирген. Марксисттердин теориясына ылайык, алар жаңы адамдын жана адамдык мамилелердин түрүн түзүшкөн. Алар «гражданин» дегенден алда канча жогорку деңгээлде турган «товарищ» деген терминди калыптандырган. Бул термин адамдардын, класстар менен тукумдардын ортосундагы руханий жана идеялык жакындыгын билдирип, алардын максаттарынын, милдеттеринин жана баалуулуктарынын биримдигин белгилеген. «Товарищ» — бул адам, кимдир бирөө менен биргеликте аракет кылган, иштеген, жардам берген, биргеликте иш кылып жаткан, бирдей шартта жашап, жакын болгон адам. Иманалы Айдарбеков башында турган жаңы Кыргыз интеллигенциясы да бий, болуш, бек, датка деген сыяктуу кайрылууларды – жолдош деген «товарищ» сөзүнүн кыргызча маанисине алмаштырып, жолдош-жолдоштор, деген кайрылууну калыптандырган.
Пишпек уезди Туркестанда кыргыз эли үчүн негизги борбордук, маанилүү жана системаны түзүүчү уезд болгон, – деп тарыхый инсандар тарабынан бекер айтылып келбесе керек. Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахмановдор баштаган ошол кездеги улуттук лидерлер 1924-жылы декабрь айында Кыргыз автономиясынын мамлекеттик органдарынын толук курамын Ташкенттен Пишпекке көчүрүп келгенин зор жетишкендик деп баалоого болот. Ошол үзүрлүү эмгектин негизинде Пишпек 1920–1930-жылдардагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү процессинде эпицентр болгону талашсыз. Иманалы Айдарбеков 1921–1923-жылдары Пишпек уезддик аткаруу комитетинин төрагасы, дасыккан саясий ишмер, элге кеңири таанымал жана сыймыктуу инсан катары, ушул процессте олуттуу милдет өтөп, ал саясий долбоорду ишке ашырууда бардык керектүү шарттарды түзгөнүн тарых барактарынан сыймыктануу менен окуп келебиз. Пишпек уездинде 1922-жылы 4-июнда 425 делегаттын катышуусунда “Учредительный съезд Советов” өз ишин баштап, ал Кара-Кыргыз тоолуу облусун (ККГО) Туркестан РСФСРинин курамында түзүү маселесин караган. Бирок, оппоненттердин ККГОну түзүү боюнча арызынан кийин ал долбоор четке кагылып, 1924-жылы Орто Азиянын аймагында улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү башталганда гана кайрадан талкууланганы маалым.
РКП(б) Борбордук Комитети 1924-жылы июнь айында Орто Азияны улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө олуттуу чечим кабыл алган. Бул өкүмгө ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз автономиялуу облусунун статусуна ээ болуп, РСФСРдин курамына кирген. Ошентип, ага чейин чачырап келген кыргыз эли бирдиктүү мамлекетке бириккен. РСФСРдин Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун чечими менен 1924-жылдын 21-октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитети түзүлүп, анын курамына ошол кездеги активдүү коомдук-саясий ишмерлер кирген. Революциялык комитетти Иманалы Айдарбеков жетектеген. Иманалы Айдарбековдун 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин төрагасы болуп дайындалганы – ошол кездеги анын жолдош – өнөктөштөрү тарабынан тандалып алынган олуттуу мамиле деп айтууга болот. “Баатырды мезгил жаратат” – дегендей, Кыргыз интеллигенциясынын прогрессивдүү көз караштагы жаңы командасынын түзүлүшү табигый процесс болгону талашсыз. Жаңы тарыхый революциялык шарттарда, Россия империясынын келечеги аныкталып жатканда, кыргыз элинин кыртышында жаңыча ой жүгүрткөн жоопкерчиликтүү саясий класс пайда болгон. Алар өз элинин келечек-тагдыры үчүн кам көрүп, жоопкерчиликти мойнуна алган. Бул топ социалдык чөйрөдөн суурулуп чыккан нукура элдик каада-салтты боюна сиңирип тарбияланган, өз элинин улуттук маданиятын, руханий баалуулуктарын сактоочулар болгонун урпактар дайыма эстей жүрүүгө милдеттүү. Иманалы Айдарбековдун Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн, Кара-Кыргыз тоолуу облусун, андан кийин Кара-Кыргыз автономиялуу облусун, Кыргыз АССРин түзүүдөгү зор эмгеги эч качан унутулбайт.
Иманалы Айдарбековдун басып өткөн жолуна кыскача токтолуп өтсөк, ал 1894-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында туулган. Атасы Айдарбек Күн-Туу болуштугунда манап болгон. Иманалы Айдарбеков алгач айылдык молдодон кат тааныган. 1909-жылы Пишпектеги айыл чарба техникумун бүтүргөн. Андан кийин Ташкенттеги гидротехника мектебин аяктаган. 1918–1920-жылдары Пишпек уезддик-шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин, 1920-1921-жылдары Кара-Кол уезддик революциялык комитетинин мүчөсү, 1921–1923-жылдары Пишпек уезддик аткаруу комитетинин төрагасы, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин төрагасы, 1925-1926-жылдары Ташкенттин Орто-Азия кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү, 1927–1929-жылдары Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930-1931-жылдары Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССРинин Юстиция эл комиссары, Башкы сотунун төрагасы болуп эмгектенген. Иманалы Айдарбеков 1935-жылы жалган жалаа менен партиянын катарынан чыгарылып, 1937-жылы августта Социал-Туран партиясына мүчө деген айып менен камакка алынып, 1938-жылы ноябрда бир жыл кыйноодон кийин Фрунзе шаардык абагынын короосунда атууга өкүм алган. Анын сөөгү көпчүлүк репрессия курмандыктарынын сөөгү менен бирге 1991-жылы «Атабейит» көрүстөнүнө кайра коюлган. Ал кыргыз элинин өз алдынча мамлекет болуп калыптанышына, анын дүйнө коомчулугуна юридикалык жактан таанылышына зор салым кошкон коомдук-саясий ишмер.
Бахпурбек Аленов